Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, белгилүү акын Бүбүаиша Арстанбекова баштаган бир катар адамдар «Акипресске» маалымат жыйын өткөрүшүп, өздөрүнүн чындыгын журналисттерге айтып беришти. Маалым болгондой буга чейин Эл артисти Нуркан Турсунбаевдин аялы Жыпаркүл Турсунбаева: «күйөөмдү Арстанбекова өлтүрүүгө буйрутма берди» деген маалыматты ЖМКлар аркылуу таратып,  милицияларга да бул боюнча кылмыш ишин ачтырууга жетишкен. Окуя чынында кандай болгон? Турсунбаевдердин айтып жатканы канчалык деӊгээлде чындык? Себеби, Нуркан аксакалдын аялы Жыпаркүл Турсунбаеванын ар кандай аракеттеринен жабыр тарткан адамдар аз эмес. Алар да буга чейин өз чындыктарын айтып, акыйкаттыкты издеп келишет.

Эмесе,  бул чырлуу окуянын чоо-жайын акын Арстанбекова айымдын өз оозунан угалы.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Урматтуу «Чагылган» сайтынын кожоюну Айбек Шамшыкеев анчалык «»белгилуу»акын айым Арстанбекоаа Бубайшанын»» сот болоор алдында кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана сотторго кысым корсотуу максатында Акипресстен 9.01.2019- жылы откоргон маалымат жыйынын жар салганы сон, бир жактуу кылбай, эртеси 10.01.2019- жылы ошол эле Акипресстен откоргон менин маалымат жыйынымды кошо чыгарып койсонуз, коомчулук кандай адилет экениниздерди коруп, бир «катуу» тан калсын. Сизге таандык «Багыт» газетасына да, «Чагылган» сайтынызга коколотуп жаткан Арстанбекоаа Бубайшанын берген маалыматтары толугу менен чындыкка жатпайт, конгон адатынызча жакшы эле асылып келе жатасыз мага жана менин жолдошум Нуркан Турсунбаевге, аман болсок ошол маалыматтарды жокко чыгара турган кун да жакындап калды окшойт. Сизге «ото терен» урматым менен Турсунбаева ДЖыпаркул.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here