Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгени боюнча маалымат таратышты.  Буга чейин Reuters эл аралык медиа агенттигине 12 өлкөнүн дипломаттары Кытайдын тарбиялоочу лагерлерге барып келгени тууралуу кабар жарыяланган болчу.   28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн дипломатиялык миссиялары (Кыргызстан,Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Урумчу, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен. Анда дипломаттар тобу аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү окуу жайларына, мечиттерине жана базарларына барышкан. Сапардын алкагында элчиликтердин өкүлдөрү мурда сөз болуп жүргөн тарбиялоочу лагерлерге да барган.

 

 

1 КОММЕНТАРИЙ