Бийликтин түкүрүккө 5500 сом айып салганы коомчулуктун кыыжырдануусун жаратты. Бийликти каргап, шилеп, шылдыӊа алып, азилдегендер четтен чыгууда. Бийлик болсо азырынча бул маселеге өз көз карашын билире элек. Ал эми береги тасмадагы бул жигит Ак үйдүн алдына атайы барып, мамлекетти уурдап, жеп-ичкен байкелердин урматына деп какрып туруп, Ак үй тосмосунан ичине түкүргөн соӊ,  капчыгындагы 5500 сомду көрсөтүп, айып пулду алып кеткиле деп билдирди. Эми жигитти кандай жаза күтөт, анын убакыт көрсөтөт. Бирок бул көрүнүш бийлик үчүн, уят эле иш экени айдан-ачык маалым болуп турат.

Ал эми бул тасма болсо Ошто тартылган. алгач соц баракчаларга түкүрүк боюнча окуя деп жарыяланган эле. Бүгүн милиция бул окуя түкүрүк эмес, тамеки (тыюу салынган жерде тарткан деген жүйөө) боюнча түшүнбөстүк болгону тастыкташты

Бул болсо түкүрүк маселесине карата тартылган тамашалуу тасмалардын бири:

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Бизде окмотту жонокой эл сыйлабай калганы корунуп турат,бирок,кочодо кобунчо жаштар тукурунушот,уландар болсо да,алар учун конумуш демекмин-«кыздар»-коп учурайт.Ал эми,какырык-тукуроктон кандай жугуштуу инфекциялык оорулар жугаарын ойлогон жок Эч Ким! Ал Эми,бул жаш жигиттин кылганы туура эмес кордум мен,а экинчи видеодогу милиция кызматкерлери да туура эмес кылышкан деп ойлойм,оз иштерине,ар бир чыккан законго «корректно»-кайрылышса болмок!