Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү 7 жаштагы кызга көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулук фактысы боюнча эки жолу кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Тиешелүү чечимди 21-июлда жана 3-августта милициянын капитаны Э.Т. кабыл алган.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 21-июнунда Аламүдүн РИИБге Кызыл-Бирлик айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.Т. кайрылып, 20-июнда 2011-жылы туулган кызы — Самарага [аты өзгөртүлдү, Т.С.] сексуалдык зомбулук көрсөткөн Жумабек [аты өзгөртүлдү, А.Д.] аттуу өспүрүм балага чара колдонууну суранган. Жабырлануучунун жыныс органдары жабыркап, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

А.Т.нын айтымына караганда, аталган күнү болжол менен саат 14:00 чамасында 7 жаштагы кызы кошуналарынын кыздары менен бирге короодо ойноп жаткан. Болжол менен саат 17:30 чамасында А.Т. кызын текшерүү үчүн эшикке чыккан. Ал сырттагы ойноп жаткан балдардан кызынын кайда жүргөнүн сураган. Алар А.Т.га Самараны Жумабек белгисиз жакка сүйрөп кеткендигин айтышкан. Жабырлануучунун апасы кызын турак үйлөрдүн артында жайгашкан талаадан ыйлап жаткан жеринен тапкан. Ал учурда кыздын жанында Жумабек жок болгон. А.Т. Самаранын шымындагы канды көрүп, кызынан эмне болгонун сурап баштаган.

Жабырлануучунун берген маалыматына караганда, Самараны Жумабек алгач ур-токмокко алып, андан соң жыныс органын колу менен чукуган.

Жумабектин атасы — К.Ч.нын айтымында, 20-июнда болжол менен саат 18:00 чамасында жубайы телефон чалып, уулу кошунанын кызы Самараны ур-токмокко алганын, андан кийин жабырлануучу ооруканага кеткенин билдирген. Тергөөчү Жумабектин 1-топтогу майып экенин билдирди. Мындан улам К.Ч. уулу эмне үчүн мындай ишке барганын түшүндүрө алган эмес. Буга чейин жогорудагыдай окуялар болгон эмес жана Жумабек үйүндө билим алып келген.

Жумабекке байланыштуу соттук-наркологиялык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 2004-жылы туулган А.Д.нын денесинен ар кандай жаракаттар табылган эмес. Самарага дагы экспертизалар дайындалган.

Иш менен таанышкан тергөөчү Э.Т. бул учурда кылмыштын курамы жок жана арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу зарыл деген чечимге келген. Белгилей турчу жагдай, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом кабыл алынган учурда — 21-июлда жабырлануучу Самарага карата жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр эмес болчу. Кылмыш иш менен таанышкан Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары С.Досалиев 23-июлда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомду артка кайтарган токтом даярдаган. Ал кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом негизсиз деп эсептеп, төмөнкү учурларды белгилейт:

— материал боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн иштин жагдайларын аныктоо зарыл. Бул учурда жабырлануучуга карата жүргүзүлгөн соттук-медициналык экпертизанын корутундусу чыга элек жана тергөө органдарына бериле элек болгондуктан жагдайлар аныкталган эмес;

— Ошондой эле бул бүтүмгө баа берилген жок;

— А.Д.га карата психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган эмес.Прокурордун жардамчысынын токтомунда жаңы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн иштерди толук аткарып, юридикалык баа берүү жана андан кийин гана акыркы чечим кабыл алуу керектиги айтылган.

Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү токтомдо жазылгандай, А.Д.га карата жүргүзүлгөн соттук-наркологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анда алкоголго жана баңгизатка болгон көз карандылык аныкталган эмес, ал мажбурлап дарылоого муктаж эмес. Маалымдалгандай, А.Д. 2013-жылдан бери Республикалык психикалык ден соолук борборуна акыл-эси боюнча артта калган деген диагнозу менен катталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабыр тартуучу Т.С.тин денесинен алган жаракаттары ден соолугуна оор жаракат келтирүү катары бааланган. Бул үй-бүлөгө жактоочулар Самат Матцаков жана Дмитрий Но юридикалык жардам берүүнү чечишкен.

Жактоочу Д.Но Turmush басылмасына билдиргендей, 17-августта кыздын жактоочусу С.Матцаков Аламүдүн РИИБге иш менен таанышуу арызы менен кайрылган. 18-августта иштин баардык материалдары менен таанышкан, бирок анда 2018-жылдын 3-августундагы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтому жок болгон. Тергөөчү иш боюнча токтомду киргизе электигин билдирип, качан токтомду чыгаргандан кийин дароо жактоочуга билдирерин айткан. Бирок жактоочунун токтомду чыгарып, таанышуу үчүн берүү өтүнүчүнө тергөөчү бош эмес экенин айткан.

4-сентябрь күнү тергөөчү жактоочуга кылмыш иш козгоодон баш тартуу боюнча токтомду (2018-жыл 3-август деп жазылган) тапшырган. Дмитрий Но 18-августта иштин материалы менен таанышып жатканда токтом болбогонун белгиледи.

«Тергөөчүнүн билип туруп кылмыш иш козгоодон баш тартуу тууралуу токтомду кечиктирип берүүсү жабырлануучунун соттук коргонуу укугун бузду. Кылмыш ишти козгоодон баш тартууда токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыздануучуга даттануунун тартибин түшүндүрүү менен жөнөтүлөт. Арыздануучу кабыл алынган чечимге тиешелүү билдирүү келген учурдан баштап 7 күндүн ичинде көзөмөлдөөчү прокурорго же сотко даттанса болот. Буга карабастан тергөөчү токтомду арткы дата менен чыгарып, арыздануучуга күбөлөндүргөн көчүрмөнү кабыл алынган чечимге даттануу укугунан ажыратканын билдирип жөнөткөн», — деди жактоочу.

6-сентябрь күнү жактоочу С.Матцаков Аламүдүн райондук сотуна кылмыш иш козгоо боюнча токтомго даттануу менен кайрылган. Жактоочу тергөөчүнүн иш аракетин мыйзамсыз жана негизсиз деп табууну суранган. Сот отуруму 17-сентябрга дайындалды. Жактоочу Д.Но билдиргендей, мыйзам боюнча кылмышты жасаган жак 14 жашка толо элек болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бирок кылмыштын чоо-жайын (окуя болгон жер, убакыт жана башкалар) тактоо, ошондой эле кылмышты жасаган адамды жана жабырлануучунун билдирүүсүн аныктоо үчүн кылмыш ишин козгоо зарыл.

«Жогоруда айтылгандардын бири да тергөөчү тарабынан аткарылган жок. Буга байланыштуу мыйзам бузууларды жоюу жана бир нече тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн кылмыш иш козгоо зарыл деп эсептейбиз. Ишке тиешелүү бардык абалды тактагандан кийин кылмыш иш токтотулушу керек. Анткени бала кылмышты жасаган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу куракта болгон эмес. Аталган иш аракеттердин баары сотко кылмышта келтирилген зыянга компенсация алуу үчүн зарыл», — деди Дмитрий Но.

Окуя тууралуу:

20-июнда саат 20:55 чамасында Аламүдүн ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага Кызыл-Бирлик айылынын 2011-жылы туулган тургуну Д.С. оор абалда түшкөндүгү маалымдалган.

Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, ошол эле күнү саат 17:00дө айылдашы — 2004-жылы туулган А.Д. жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын аныкташкан.

Turmush басылмасына жабыркаган кыздын атасы Бекболсун [аты өзгөртүлдү] билдиргендей, окуя саат 17:30 — 18:00 чамасында болгон.

«Балдар адаттагыдай эле көчөдө ойноп жатышкан. Бир маалда ызы-чуу болуп, кызымдын оозуна бирөө арак куюуга аракет кылып жатканын айтып калышты. Мен чуркап баргыча, ал бала качып кетиптир. Эгерде кичинекей балдар көрбөгөндө эмне болмок билбейм. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал кызыма карата колу же таяк менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы билине элек.

Ал өспүрүм оорулуу болгондуктан Аламүдүн районунда каттоодо турат экен. Мындай учурда ата-энеси баласын көзөмөлдөп турушу керек эле. Алар баласы тил албаганын айтышууда. Милицияга арыз менен кайрылдым. Баланын ата-энеси кечирим сурап, балабызды ооруканага жаткырабыз деп айтышууда», — деп билдирди атасы.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here