“Замандаш” партиясы он жылдан бери эле мамлекеттин эӊ көйгөйлүү маселеси болгон жүз миӊдеген  мигрант замандаштарыбыздын камын көрүп, алардын таламын талашып келатканы баарыбызга маалым. Бул тармакта татыктуу иш жасап келаткан партия – бир гана “Замандаш” партиясы экени талашсыз. Башка партиялардын бул маселеге “азуусу” өтпөй, алсыздык кылып келатканын көрүп жатабыз. Аталган партия быйыл да мигранттарга аба менен суудай керек болгон көйгөйлүү маселелердин бирин  кабыргасынан козгоп чыкканы буга чейин коомчулукка ЖМКлар аркылуу кабарланган. Ал маселе:чет өлкөгө чыгып жаткан мигранттар милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү. Бул боюнча “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеӊиш Молдокматов буларды билдирди:

-Чет өлкөгө жаңы чыккан мекендештерибиз дин көбү орус тилин жеткиликтүү түрдө билишпейт. Расмий статистика боюнча бир миллионго жакын жараныбыз чет өлкөдө эмгек миграцияда жүрөт. Алардын 90 пайызы Россия федерациясынын аймагында жашап, иштеп келишет. Ал жакта медициналык камсыздандыруудан өтүү үчүн көп документтерди чогултууга туура келет. Акча    дагы, убакыт дагы көп кетет. 

  Медициналык камсыздандыруудан өтпөгөн жарандарыбыз кокус кырсыкка кабылган учурда эч кандай жардам ала албай алышпайт.  Статистика боюнча «жүк 200″ жөнөтүү үчүн жылына 3 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин каражат кетет. Ошондуктан, милдеттүү медициналык камсыздандырууну Кыргызстанда уюштурушубуз керек.

Мына  ушундай, урматтуу замандаш! Өкмөт өзү билип, бул маселе боюнча башын оорутпаса, мигранттарга кам көрүп келаткан “Замандаш” партиясы кан какшап келатат. “Замандаш” бул маселени айтып гана тим болбостон, өз сунушун да билдирди. Аталган партия: “ Чет өлкөгө чыгуучу автобус, авиа же темир жол кызматтарына сатылып жаткан билеттердин баасына камсыздандыруунун акчасын кошуу керек. Бир адамдын бир жылдык камсыздандыруусу болжолдуу 300 сомду түзөт.”

Чынында, бул сунуш маселени чечүүнүн эффективдүү жолу экенин байкоого болот. Болбосо, жыртык бюджетибизден бир нече миллион бөлүү иши оӊой менен ишке ашпай турган оор маселе экенин жакшы билебиз. Андыктан, бир иштен, эки иш кылып, маселени чечүү үчүн ушундай кадамга чечкиндүү түрдө баруу кыйла натыйжалуу болчудай. Бул  кадам эӊ ириде биздин жүз миӊдеген мигрант замандаштарыбыздын зарылып күткөн көйгөйүн чечүүгө жол салмак…

Демек, өкмөт акылга салынып, тереӊ ойлонулган бул сунушту ишке ашырууга эртелеп тиешелүү көрүшү зарыл. Эмесе:  «өйдө тартсам өгүзүм өлөт, ылдый тартсам арабам сынат» деп ыйлактай берген өкмөт акеге  бул маселеде быкшыбаган чечкиндүүлүктүү каалайбыз!

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here