ДКО-2018де жарым  көк бөрү оюнунда эзели бул оюнду ойнобогон өзбектер казактарды утуп алганы казак элине бүлүк салды. Казак коомчулугу, улакчыларды,  бул маселеге  анчейин көӊүл бурбаган билерман, төбөлдөрдү каргап, шилеп, сөгүп жатышат. Көптөгөн катуу сындар  Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеухановдун дарегине айтылып жатат. Бекболот мырза эмне кыларын билбей, актануунун ар кандай амалын ойлоп жүрүп, бүгүн Sputnik  маалымат агенттигине ДКО тууралуу  буларды айтыптыр: «Бир четинен алганда бул Азия же Дүйнө чемпионаты эмес. Алардын жанында бул жөнөкөй гана фестиваль. Ошондуктан биз жаштар командасын жибердик. Алар дагы тажрыйба топтошу керек. Анан калса Көчмөндөр оюндарына чоңдор эмес, жаштар командасы кеткен. Көкбөрүчүлөрдүн утулуп калышынан трагедия жасоонун кажети жок. Өзбектер деген ким? Алар улуу спорт державасы экенин билип койгула. Алардын оюнчулары отузга таяп калгандар болчу. Биздики жаштар болду. Абдан татыктуу оюн көрсөтүштү«— деп  акылга сыйбаган бир топ кептерди айтып, болушунча келжирептир.  Минтип катуу айтып, катуу жазбасак, бул адамга сөз жетчүүдөй эмес.     

Бул адам калп айтып, жандалбастаганды жакшы көрөт окшобойбу. Эгер бул адам намыстуу болсо, калыс адам болсо бул маселеде иттик өздөрүнөн кеткенин ачык айтып, элинен кечирим сурамак. Тилекке каршы, анте албады. Антүүгө духу жетпеди. ДКО бул адам айткандай  ири мелдеш болбосо, 2016-жылы Казакстан эмне үчүн улуттук  курама командасын жиберди?  Ошол жылы казак командасы кыргыз командасы менен  финалда кырчылдаша таймашып, кыргыздар аларды 15: 3 эсеби менен утуп, акесин таанытпады беле. Барган сайын абройу, кулачы кеӊейип, дүйнө элин суктантып жаткан ДКОну казак төбөлдөрү көрө албай келатканы ырас. Көрө алмак турсун, ичи тарып өлүп жатышат. Казактын далай мыктылары эмне үчүн ДКОну биз ойлоп таппадык деп ачык-айкын жазып жатат. Кара кылды как жарган айрым казак элинин аттуу -баштуу инсандары ДКОну кубаттап, кыргыздарга башка элдердей эле кубанып жатышат. ДКО ири мелдеш болбосо, дүйнөнүн 80ге жакын өлкөсүнөн 2000дей спортчусу мөөрөй талашууга келет беле? Ири мелдеш болбосо, аны чагылдырууга  дүйнө жүзүнөн 500дөн ашуун журналист келет беле? Ири эмес мелдеш боло турган болсо казак ажоосу Назарбаев менен түрк ажоосу Эрдоган келип, ачылышына катышат беле? Ири эмес мелдешти Эрдоган 2020-жылы өз өлкөсүндө өткөрөм деп, ДКОнун эстафетасын албайт эле го.

Мына ушулар Бекболат Тилеухановдун мээсине кантип жеткен жок? Албетте, жетти деӊизчи. Болгону мунун баарын көрө албай, айткысы келбей, кыргыздарды, кыргыздар автор болуп дүйнөгө таратып жаткан ДКОнун деӊгээлин кемсинтип жатпайбы. Баса, казак элинде, казак жеринде мынчалык чоӊ деӊгээлдеги дүйнөнү дүӊгүрөткөн спорттук иш чара деле өтө элек. Анан ушунун өзү эле Тилеухановго окшогон ичи тарлардын түн уйкусун качырып, минтип ДКО тууралуу теӊирден тескери сүйлөтүп жатканы ырас .

Кыскасы, казактын бул спорт башчысы мурдунан алысты көрө албаган, жан дүйнөсү сокур неме көрүнөт…

Чынында  казак бийлиги, ДКОго каршы Этно олимпиада оюндарын ойлоп чыгышып, 2021-жылы өткөрөбүз деп шымаланып жатышат. Бир боорбуз, тууганбыз деп эле аларга жан тарткан сайын алар, минтип болбогон кептерди сүйлөп, жакшылыгыбызды көрө албай жатышы жанды кейитпей койбойт…

 

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here