Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы эң ярый эч эле жоопко тартылбаган эң  «ярый  коррупционерлердин”  бири Искак Пирматовдун карындашы Асел Пирматова Бишкек шаардык  кеңешине БШКнын чечими менен  депутат болду. Белгилей кетсек, Асел айым жакында эле Президенттик аппарттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган КСДПчы депутат Алмаз Кененбаевдин ордуна келди. Ал мурунку чакырылышта да депутат болуп, спикердин орун басары кызматын аркалап турган. Эске сала кетсек, Пирматованын бир тууган агасы Исакак мырзага «Кыргызнефтини» калчап турганда 258 млн. каражатты жеп алган деген айып тагылып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок депутаттар Пирматовду жоопко тарттырбай, сактап калышкан. Ошол учурда коомчулук Пирматов депутаттарды бирден сатып алды  деп шек санап, катуу сынга алган. Андан бери бир канча жыл болсо да, Пирматов таптаза кишиден бетер жоопко тартылбай, кайрадан депутат болуп, болгондо да Жкдагы Эл аралык байланыш комитеттин жетектеп, президент айрым учурларда чет мамлекеттке  иш сапарга барганда, аны коштоп келет. Ушул да калыстыкпы? ушул дагы коррупцияга каршы катуу күрөшпү? Күрөш тандалма болбошу керек эле…

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Биздеги бийлик төбөлдөрүнө ишенич жок болду Матраимов Пирматов бийликтин крышаларыбы деген ой кетет. Президенттин коррупция менен мына мен күрөшөм деген сөзүнө бир тыйнчалык да баркы калбады. Аман эле болгула АЛЛА жазаңарды берсин ууру жана калпычы эл алдаарлар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here