Нарын районундагы Эмгекчил айылында жаштар арак сатуу жана ичъъ маселесине кескин түрдө каршы чыгышты. Бул маселени сөз менен гана айтып тим болуп калышпастан  айылда ичимдик саткан дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктеринин баарын сатып алуу үчүн 400 миӊ сом чогултушкан. Бул демилгени колдогон дүкөн ээлери дагы 100 миӊ сомдук ичимдиктерди  өздөрү беришкен. 11-12-август күндөрү сатып алынган ичимдиктерди жаштар айыл четине алып барып, талкалап, таш-талканын чыгарышкан. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын жаштары таратты. Эми Эмгекчил айылынын жаштары ушуну менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жагын тыкыр көзөмөлгө алышмакчы. Буга чейин Нарындын 5 айылында ушундай жол менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууга жетишкен.

Белгилүү болгондой Нарындагы Эмгекчил айылы буга чейин бир топ жыл Солтон-Сарынын алытнын казып, байыган айылдардын бири.

2 КОММЕНТАРИИ

  1. Ушул 500 мин чогултуп аны сатып алып талкалап кайра арак чыгарган заводдорго пайда алып келип жатат да… Андан коро ошол товарды саттыртбай коюш керек…. Бул менин гана оюм

  2. Ошол арак заводун талкалабайбы бироо эмгегин куйдурбой.Ал деген алып сатуучу да.Биринчи чыгарып жаткан заводун талкалап коргуло чу эмне болор экен ага эчкимисин духу да жетпейт ачык айтип кой ун келип эле бебечараларды бонкрот кылбай мен ал инсанга жан тарпаймын бирок ал да оз оокатын откоруп жан багып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here