Жакында Жумгал районундагы Баш-Кууганды (Дыйкан) айылына барып, айылдын социалдык абалы менен жакындан таанышып келдик. Бул айыл Жумгалдагы   Кара-Кечедеги “кара алтын” кенине жакын жайгашкан айыл. Кезинде бул айылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти Мыскал Өмүрканова, белгилүү жазуучу, драматург Шатман Садыбакасовдор чыгып, кыргыз маданиятына опол-тоодой кызмат өтөп, артына алтын из калтырып  кетишкен. Азыр да бул айылдан Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, опера жана эстрада ырчысы Айбек Саралаев баштаган бир катар таланттар талпынып чыгып келатат. Буларды элге маалымат үчүн айта кеттик. Эми борбор шаардан алыскы айыл бүтүндөй кыргыз элинин, жогорку бийликтин көӊүлүн эмне менен бура алат деген суроого жооп издеп көрүү үчүн,  аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Рахат Жумуковдон төмөндөгү маалыматтарды алдык.

Р. Жумуков айыл өкмөт башчы

—Биздин айылда 658 түтүн эл жашайт. Бишкектен 320 чакырым алыс жайгашкан. Мен 2012- жылдан бери айыл өкмөттү жетектеп келем. Колдон келишинче иштеп жатабыз. Буга чейин: айыл өкмөтүбүздүн имаратын, спорт залыбызды оӊдоп-түздөөдөн өткөргөнбүз. 2015-жылы Маданият үйүбүздү да толугу менен капиталдык оӊдоодон өткөргөнбүз. Ошол жылы ушул айылдан чыккан Кыргыз ССРинин Эл артисти  Мыскал Өмүрканованын ысымын ошол оӊдолгон Маданият үйүнө ыйгарып, алдына ал инсандын айкелин тургузганбыз. Согуштун 70 жылдык мааракесине деп биздин айылдык байкебиз Аманкул Токтомамбетов Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбызга арнап, жакшы эстелик тургузуп берген эле. Ошол эле Аманкул байкебиз 2011-жылдары  айылыбызга жаркыраган, чоӊ, кооз мечит салып бергенин да айта кетели.

М. Өмүрканова атындагы Маданият үйү

Өзүбүздүн күчүбүз менен айылыбызга ар кандай долбоорлор жана өздүк салым менен: эксковатор, трактор, КамАЗ, погрущик сыяктуу 4  техника алдык. Мындан тышкары,  айылыбызда чет элдик долбоор менен иштеп жаткан чакан тигүү цехибиз бар. Азыркы тапта айылбыздагы  30 орундук бала-бакча толугу менен капиталдык оӊдоодон өтүп жатат. Оңдоодон кийин бала-бакчабыз 90 орундук болуп калмакчы.

Айылдагы оӊдолуп жаткан бала-бакча

Мурун эски бала –бакчада башталгыч класстын балдары окушчу. Себеби, башталгыч класстар Ш. Садыбакасов атындагы орто мектебибизге батпайт. Эми оӊдоо иштери бүтсө, ал бала –бакча мектеп окуучуларына берилбейт, биротоло бала-бакча болмокчу. Дагы бир чоӊ ишти айта кетпесек болбойт. Биздин айылдын башына Көлмө жайлоосунан капчыгай аркылуу агып жаткан сууга чоӊ БДР  (130 миң куб суу батат)  салынып баштады. Буга мамлекеттен  жалпысынан 67 млн. сом 252  миң сом  каралган. 

Дыйкан БДР

Аны “Жалал-Абад курулуш” ишканасы ишке ашырып жатат. Буюрса, сентябрь айында бүтүп калат деп турабыз. Ачылышын сентябрь айынын орто ченине белгилегенбиз.  Бул БДР толук курулуп бүтсө, айылыбыздагы миӊ гектар сугат жерди суу менен камсыздайт деп кубанып турабыз. Ошондой эле  кошумча мурун айдалбаган  200 гектар жер да өздөштүрүлмөкчү.

Ошондой эле айылды жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин да колго алып жатабыз. Буга мисал катары айта кетсек, айыл өкмөттүн имаратынын маӊдайында 10-15 сотых жер бар эле. Мына ошол жерге да бактарды, арчаларды олтургуздук.

Мындан тышкары, айылыбыздын күн батыш тарабындагы 2 гектар жерине Жумгал  райондук Токой чарбасынын башчысы Бердибек Самүдүнов агабыздын чоӊ салымы менен бактардын, арчалардан түрлөп, баарысы болуп 4 миӊ түп олтургузуп, жака — белин тосуп койдук.  Мындан тышкары, Транспорт министрлиги аркылуу айылыбыздын Акматбек Токтобеков атындагы борбордук көчөгө асфальт басылганы турат.

Айыл четинде ушундай парк болмокчу:

Айылыбызда мына ушундай жакшы иштер жасалып жатат. Бирок биздин бир чоӊ көйгөй бар. Ал мектеп маселеси. Ал тууралуу мектеп директору кененирээк айтып берсин.

Аида Батыракеева, Башы-Кууганды айлындагы Ш. Садыбакасов атындагы орто мектептин директору:

«278 окуучубуз  сентябрдан баштап, экси мектепке батпай көчөдө калмай болду»

—Биздин мектепте жалпысынан 600гө жакын окуучу окуйт. 52 мугалим эмгектенебиз. Мектебибиздин имараты абдан эскирди. Тактап айтканда, 1960-жылдары салынган экен. Бир топ бөлүгү да жарактан чыгып калган. 2014-жылы ӨКМ биздин мектептин бир канча корпусун эскилиги жеткендигине байланыштуу балдарды окутууга тыюу салышкан. Биз ошондон бери башталгыч класстын окуучуларын айылдагы бала-бакчанын имаратына окутуп келатканбыз. Быйыл эми ал имарат оӊдолуп жатат.

Оӊдолуп бүтсө, биздин окуучуларга берилбей, биротоло бала-бакча катары колдонулат экен. Ошондо биздин башталгыч класстарда окушкан 287 окуучубуз окуй турган имарат жок калат. Аларды бул эски мектепке эч кандай батыра албайбыз. Айлабыз куруп баштады. Сентябрдан баштап ал окуучуларды чатыр тигип окутабызбы деп, ойлонуп жатабыз.

Биздин айылга 1989-жылы мектеп салына баштап, бирок аныбыз жараксыз болуп калган. Кыязы, курулушу туура эмес болуп калган го. Андан кийин, 2014-жылы айылга 275 орундуу мектептин курулушу башталган. Бирок андан бери 4 жыл өттү. Курулуш абдан жай жүрүп, көп учурда мамлекеттен акча которулбай токтоп турат. Караганыбыз, тилегенибиз эле ошол жаӊы мектеп болуп калды.

Негизи биздин билишибизче, ал жаӊы мектеп 59 миллион сомго курулуп бүтмөк экен. 4 жылдан бери 17 миллион сом эле өздөштүрүлүптүр. Жыл сайын 1, 2 миллион эле бөлүп коюп жатышат го. Кыскасы, мектебибиз айласыз эле болуп турат. Кышында печка менен жылытууга аракет кылабыз. Бирок жылыбайт. Балдар калыӊ кийим менен олтурушат. Ал тургай колубуз тоӊгондон улам бор кармап, жаза албай калабыз. Мектеп ичинде мугалимдер олтура турган атайын бөлмө да жок. Эски бир колдонууга жараксыз деген бөлмөнү бир аз иретке келтирип алып, олтуралы деп жатабыз. Андан тышкары, кенже каласстарга тамак бергенге да ашканабыз жок. Эми айла жок эски бир бөлмөнү өз күчүбүз менен оӊдоп-түзөп жатабыз. Ошол бөлмөнү эптеп иретке келтирип алып, колдонуп туралы деп жатабыз. Мектептеги китепканабыз да абдан көйгөйлүү болуп турат.                                                                                    Быйылкы 20 жылдыктар айылга 70                                                                              метрлик туу орнотуп беришкен.

   Даярдаган: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

20 жылдыктар менен айылдыктар, район жетекчилиги Туунун ачылышында: 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here