Светлана Жумадылова   1956-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 5 балалуу, жолдошунун көзү өтүп кеткен. Светлана айым үй-бүлөсү менен  борбор шаарга агылган элдин агымы менен 1999-жылы Бишкекке жашап, иштөө үчүн көчүп келишкен. Алгач батирлерде жашап жүрүп, 2007-жылы азыркы Оптима –Банкынан Аламүдүн базарына жакын жерден (Муса Жалил көчөсү) үй алган. Бирок ал үй чырлуу үй болуп, 10 жылдан бери маселе чечилбей, соттон-сотко барып, акыйкаттык таба албай, акыры Свердлов районунда судья болуп иштеген Садырованын кысымына кабылып, анын айынан эс-учун жоготуп, акыл-эсинен ажырагандар жата турган ооруканага кандайча жатып калганын өзү да билбей калган. Бүгүнкү күндө ушул башы дагы эле чечиле элек чырлуу үйүндө ден-соолугунан жапа чегип, төшөктөн тура албай жатат. Светлана айым, бул окуялардын баарын бизге тизмектеп айтып берип жатып, Сот департаментинин  башчысы Рустам Ибраимовдун да коррупциялык иштерин, банктар менен жасаган мыйзамсыз аракеттерин жана анын да өзүнө кылган кысымын ачыктады. Зээнди кейитип, жүрөктү ооруткан окуя тууралуу төмөндө Светлана айымдын өз оозунан угалы.

“Оптима банк” мага  документи жок үйдү 150 миң долларга алдап саткан экен”

—2007-жылы мурунку АТФ. Азыркы “Оптима банктан” 150 миӊ долларга (ал учурдагы доллардын  курс боюнча: сом менен 5 миллион 604 миӊ сом) бааланган эки кабаттуу үй алдык. Ал акчанын 30 пайызы, депозитке коюлушу керек деп Банк кызматкерлери айтты. Мен ал шартка макул болуп 47 миӊ доллар (30 пайыз) төлөп, калган 103 миӊ долларды 2022-жылга чейин төлөп берүү милдетин алгам. Мага бул үйдү Г. Акбаева, Д. Михайлов деген банк кызматкерлери сатышкан. Мен чынында банктан бул үйдү алып жатканда, эмне үчүн бул үй банкта турат, чоо-жайы кандай деп кызыгып койбоптурмун. Ошондон улам  жаӊылып калыптырмын. Көрсө банк кызматкерлери да талаштуу, чыр-чатактуу үйлөрдү карапайым адамдарга алдоо, ишендирүү жолу менен адаштырып туруп сатышат турбайбы.

Мен ал банктан ошол 2007-жылы сатып алган бул үйдүн өздүк документтери жок экен. Турак –жай салууга бериле турчу токтом да жок экен. Бул үй мэрия тарабынан 197 чарчы метр делип, көп жылга колдонууга берилиптир. Банк мага үйдүн документтерин көрсөткөн эмес. Мунун баарын кийин гана билдим. Келишимдерге кол койгондон кийин, “Бүттү. Кудай буйруса үйлүү болдук”- деп сүйүнүп үйгө келсек, бул үйдө банктын кароолчулары жашап жатыптыр. Ал ай Рамазан айы эле. Ошондон улам кечиримдүү болуп, аларга башка үй таап алууга бир-эки ай убакыт бердим. Мен ал кезде Казакстанда иштеп жаткандыктан, иш ордума кеткем. Ал жактан иштеп келсем, баягы кароолчулар дагы эле үйдү бошотпой жашап жатышыптыр. “Бул үй сеники эмес, банктыкы”-деп өлөрманданып бошотпой коюшту. Банкка барсам: “Үй сеники, каалагандай кыл” –дешти. Акыры юристтерден кеӊеш алып, сотко кайрылдым. Сот ал үйдү 2008-жылы 6-июнда “сатылбасын” деп чечим чыгарып, камакка койду. Соттун ал чечимин Банкка алып барып тааныштырып, ал арызды алгыла дедим.  Банк соттун андай чечимине макул болбой, 2008-жылдын 11-июнунда Бишке шаардык сотуна арыз жазышты. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүнө калтырды. Ага да макул болбой Жогорку сотко арыз жазышты. Жогорку сот да эки инстанциясын чечимин колдоп, үйдү камакка калтырды. Ошентип, 2008-жылдын 17 — декабрында сот кароолчуларды үйдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Ал чечим бир айда күчүнө кирген соӊ, мен ал чечимди сот аткаруучуларга алып барып бердим. Сот аткаруучуларга үйдү бошотпой жашап жаткан кароолчуларды акыры 25-февралда чыгарышыптыр. Ошентип, бул үйгө 2009-жылдын 3-мартында көчүп  кирдим.

Сүрөт: С. Жумадыловага «Оптима банк» саткан  чырлуу үй

“Оптима банк” мага саткан бул үйдү дагы бир адамга 70 миң долларга сатып жибериптир”

—Бирок мен үйгө киргенчекти эле, соттошуп жүргөн кезде Банктын башкармалыгынын башчысы Капышов: “Бул үйдү Жумадылова төлөбөй койгон”- деп сот аткаруучуларга жалган маалымат берип, башка адамдарга 70 миӊ долларга саттырып  жибериптир. Жаныбек деген адам ал үйгө көчүп келип, жашап жатыптыр. Мен аны билгенден кийин, ыйлап-сыктап кайра банкка бардым. Банк кызматкерлери мага: “Чечимиӊиз колуӊузда, үй сиздики. Ал адам менен кайра соттошосуз”- дешти. Үйгө келсем, ал адамдар качып кетишиптир. Кыскасы, бул жерде бир көз боёмочулук орун алган.  Мындай көйгөйлөр аз келгенсип, бул үйдө мага чейин жашагандар  светке 38 миӊ сом карыз экен. “Түндүк электро” ишканасы мени үй ээси катары да сотко берди. Андан тышкары, Газ чарбасы “бул үйдө сен жашап жатасыӊ”- деп мени 70 миӊ сом доо менен  сотко берип калды. Көрсө, бул үйдү салгандар үйдүн дубалынын түбү менен газ турбасын тартып келип, уурулук жол менен киргизишкен экен. Ал уурулук менен мен үйгө кире электе, так айтканда 2008-жылы 25-апрелде кармалышкан экен. Ошентип, мен 100 миӊ сомдон ашык доо акча боюнча да соттошуп көпкө жүрдүм.

“3 млн. 286 миң  сомдук үйдү, 5 млн. 604 миң сомго баалап сатышыптыр ”

Мен үйгө киргенде үйдүн абалы 150 миӊ долларлык эмес экен. Мурун жашагандар үйдүн жерине салынган курулуш жабдыктарын,  кафелдерин ж.б. чыгарып кетишкен. Үй мен 2007-жылы биринчи жолу көргөн абалындай болбой, бир топ эле жаман ахыбалга келип калган. Мен Банкка бул маселени айтып кайрылсам, ал жактагы кызматкерлер: “Билгениӊди кылып ал” – дешти. Юристтерден кеӊеш алып, адвокат жалдап, үйдү  баалоо маселеси менен мамлекеттик экспертизага кайрылдык. Экспертиза бул үйдүн 2007-жылдагы абалын иликеп, баасын 3 млн. 286 млн. сом деп баалашты. Бизге банктан бул үйдүн дубалы, короо-сарайларынын баары теӊ бышкан кирпичтен салынган деп айтышкан. Текшерүүдө билинди, бышкан кирпичи жок эле ылай кирпичтен эле, дубалдар бир кирпич болуп көтөрүлүптүр.

Бул маектин видео версиясын төмөндө көрүӊүз:

“Райондук соттун судьялары Жогорку соттун чечимин аткарбай, өз билгендерин кылышты”

—Ошентип, азыр деле бул үйдүн башын бошото албай соттошуп жүрөм. Сотко үйдүн абалын кайрадан  баалап,  баасын төмөндөтүү боюнча  боюнча кайрылгам. Конгантиева деген сот үйдүн баасын төмөндөтүү боюнча чечим чыргарган. Бирок ал чечим шаардык соттон колдоо таппай, кийлигишүү болуп калды. Ошону менен кайра Жогорку сотко барганбыз. Жогорку сот: “ бул иш кайра каралсын, үйдүн ээси ким экени такталсын, банкпы, же башка адамбы ?” — деген чечимди  2014-жылдын 26-апрелинде чыгарган.  Бул иш 2014-2015-жылдары бүткөн жок. Бирок Жогорку соттон үйдүн бүт документтерин алып, иликтеп карап жатышкан учурда Свердлов райондук сотунун судьясы  Ибраимова Жылдыз Белековна мени чакырып алып: “Эже, мен бул документтердин бардыгына баа бере албайм. Эгер мен банктын мындай иштеринин бетин ача турган болсом, мени жумуштан алып салышат.  Бул иштин пайдасын банкка чечсем, мен  райондук сотко төрайым болом, ошондо мен сизге толук жардам берем. Азырынча, эч каршы болбой даттанбай туруӊуз. Бул ишти жасабасам, мени  Сот департаментинин жетекчиси Ибраимов Рустам мени кызматтан кетиртет.  Бул иш анын колунан келет”- деп мени көндүрө баштады. Мен макул болбой: “ Эки жылдан бери күткөнүм ушулбу? “ — деп нааразы болдум.

Жылдыз Ибраимова судья

Ошентип, мурун жылуу мамиледе жүргөн Жылдыз Белековна экөөбүздүн мамилебиз ошондой келишпестик менен коштолуп калды. Ибраимова менин укугумду тебелеп, ишти банктын пайдасына чечүүгө аракет кыла баштады.

Чынында башында Жылдыз Белековна бул ишти менин пайдама чечип жаткан. Бирок өзү айткандай Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимовдун кысымга алуусунун негизинде менден күтүүсүздөн эле терс бурулуп, банктын кызыкчылыгын көздөп, соттук иштин пайдасын банкка чечип койду.   Ошондон улам, бул үй кайрадан камакка алынды.

Жогорку соттун 371 – беренеси боюнча чыгарган чечимин да одоно бузду. Бул үйдүн ээси такталсын деген маселе да такталбагандыктан, үйдүн ээси ким деген суроо ачык бойдон калды. Көрсө, банк мага чейин бул үйдү Садыков деген кишиге сатып, кайра андан ушундай ыкмалар менен тартып алышкан экен. Ал да ачыкка чыкты. Эми да үйдү кайра өздөрүнүн балансына алып, тартып алышты десем болот. Себеби, 2009-жылдан бери ушул күнгө чейин жашап жаткан бул үйдү сатыкка аукционго чыгарышты. Мен бул үйдү 5 миллионго сатып алсам, азыр бул үйдү 10 миллион сомго баалашты. Себеби,  андан бери үйлөрдүн баасы өстү да. Азыр соттук иш менен  менин ден-соолугума байланыштуу убактылуу токтоп турат.  Менин төшөктө ушинтип ооруп, тура албай калганым Свердлов райондук сотунун судьясы Жыпара Сабырова түздөн-түз күнөөлүү.  Бул окуяны кыскача баяндап берейин.

 

“ Акыл-эсинен ажырагандардын ооруканасына кантип жатып калганымды билбейм”

—2018-жылдын 16-апрелинде сот аткаруучулардын мыйзамсыз иштерин кайра кароо боюнча сотко арыз жазгам. Ал ишти сот 11-майга кароого коюлган. Мен ал күнү шашып баратып, документим үйдө калып калыптыр. Бирок жанымда пенсиялык китепчем бар эле, аны менен өздүгүмдү тактоого болот эле.

Сабырова Жыпара, судья

Бирок бул ишти караган сот  Сабырова Жыпара Жумадиловна  анын баарын жаратпай, мени түздөн-түз кемсинтип баштады. Чыгып кетишимди талап кылды. Мени катыштырбай эле ишти карай турганын айтты. Бирок сотко жоопкер катары чакырылышкан сот аткаруучулар да келбей койгон экен, аны айтсам да укпады. Ал мага атырылып: “Эмне үчүн Жылдыз Белековнаны, Рустам Ибраимовдун үстүнөн президентке кайрылуу жазасыӊ, жазгыдай сен кимсиӊ? Ак үйдөн Эркин Исаковго да арыз жазыпсыӊ, ал киши бизге телефон чалды. Бизди коюп, өзүӊ маселеӊди чечип албайсыӊбы. Сен мага кандай кылышты үйрөтөсүӊбү, самтырбай чыгып кет ”- деп келекелеп, мени чыгарышты. Мен араӊдан зорго эшикке чыктым. Сабырова 35тен ашкан жаш келин экен, мен болсо 60тан аштым. Энесиндей адаммын да. Ушундай да мамиле кылабы, деп абдан шок болуп, ошол жерден эле өзүмдү жаман сезе баштадым. Алдымдан Ибраимова Жылдыз Белековна чыгып калды. Мен аны менен сүйлөшөйүн десем, каратып туруп  менден  качып кетти. Кабинетине барсам, “Жок. Жардамчысына баргыла. 25- кабинет” – дешти. Ал кабинетке барсам, жардамчысы да жок экен. Күтүп олтургам, ахыбалым абдан начарлап кеткени сезилип турду. Бирок андан аркысын билбейм, көзүмдү ачсам Бишкектеги Совет-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги психалык жактан жабыркаган адамдарды дарылай турган республикалык  борбордо жатыптырмын.

Ооруканада балдары жазган арыз

Бишкекте ушунча жашап жүрүп, андай оорукана бар экенин да билбептирмин. Мен көзүмдү ачкан кезде, врач мага: “Же сиздин ден-соолугуңуз бул ооруканага туура келбейт, сиздин бул жерге жатууга акыңыз жок. Балдарыңыз алып кетүү чүнүн кагаздарды топтоп жүрүшөт”- деп айтты. Кийимдеримдин баары суу экен. Ошентип, балдарым ал жерден алып кетишти. Кийин уксам, мен ал ооруканага Тез жардам менен алып барып коюшкан экен. Жакында бадан катуу стресс алгандыктан башка оору боюнча операция болуп, учурда төшөктөн тура албай жатам. Менин мындай абалыма келишиме, судья Сабырова түздөн-түз күнөөлүү. Мен анын үстүнө укук коргоо органдарына, Сот тартиби боюнча комиссияга арыз менен кайрылдым.

Андан тышкары да Президентибиз  Сооронбай Жээнбековго да 19 адам кат менен кайрылганбыз. Ал өзүнчө окуя…

Булак: Багыт

Айбек ШАМШЫКЕЕВ

(Уландысы бар)

РS: Бул чырлуу маселе боюнча гезитке  экинчи тараптын да пикирин орун берилмекчи.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here