Учурда коомчулукта 2014-жылдан бери салынып жаткан түндүк-Түштүк альтернатива жолуна байланыштуу анчалык такталбаган маалыматтар тарап жатат. Айрым бир маалыматтарда бул жолдон ушул күнгө чейин 600 млн. доллар уурдалыптыр деп айтылууда. Бирок Транспорт жана жолдор минитсрлдиги л маалыматтар чындыкка дал келбет деп  четке кагып, ал соцсеттерден тарап жаткан маалымат ойдон чыгарылган жомок экенин баса белгиледи. Себеби, аталган министрликтин буга жооп боло турган жүйөөлүү далилдери бар экен. Негизги маалыматтарга көз жумалы: Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Жалпы кете турган каражаттын болжолду эсеби 850 миллион доллар деп белгиленген.  Биз  2014-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул ири долбоордун аткарылышы, анын күнгөй-тескейи  ж.б. орчундуу маселелер боюнча Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен маектештик. Эл арасына тарап ар кандай күдүк ойлорду туудуруп жаткан маселе боюнча министр мырзанын өз оозунан угуӊуздар.

 Жамшитбек мырза, учурда коомчулукта Түндүк-түштүк альтернатива жолунун курулушунан 600 миллион доллар уурдалды деген кептерди чыгып, эл  же ишенерин, же ишенбесин билбей, арсар абалда калды. Бул боюнча негизги маселени өз оозуӊуздан уксак…

— Бул жолун мамлекетибиз үчүн мааниси абдан зор экенин буга чейин да айтып келатабыз. Мындан кийин да айта бермекчибиз. Себеби, бизге Түндүк менен Түштүктү бириктирип турган мындай альтернативдүү жол аба менен суудай эле керек болгон десек болот. Чынында бул өтө оор долбоор болчу. Мисалы: Жалал-Абаддан баштап, Көк-Арт ашуусу, андан Казарман, Казармандан баштап Жумгалга чейинки тоолордо алып өтүү – өтө оор татаал иш болчу. Ошондой болсо да  акырындык менен иштер жүрүп жатат. Анын үстүнө  Тогуз-Торо, Камбар-Ата ГЭСтери курулгандан кийин суунун деӊгээли көтөрүлгөндүктөн, жолду  тоонун башына курууга мажбур болдук. Бул маселе да ишти дагы да татаалдаштыра турган көрүнүш экенин унутпашыбыз керек. Негизинен бул жолду салуу бир аз жеӊилирээк болсун деп үч фазага бөлүнгөнбүз. Биринчи фазасы Жалал-Абаддан Казарманга чейин, ал 154 чакырымды түзөт. Ал жерде оор шартта курулуп жаткан туннель бар. Экинчи фазасы 96 чакырым, бул Казармандан Жумгалдын Арал, Кызыл-Жылдыз айылына чейин. Ошондо бул жолдун 250 чакырымы гана салып, ишке ашыруу каралып жатат. Биринчи фазасына 400 миллион доллар каралса, экинчи фазага 300 миллион доллар каралган. Экөө биригип 700 миллион доллардын тегереги.

Ал эми үчүнчү фаза делген Жумгалдан баштап Балыкчыга чейинки жолго акча бөлүнө  элек. Эми гана тендерлердин жол-жоболорун карап жатабыз. Ислам өнүктүрүү банкы менен Азия өнүктүрүү банкынан насыя алуу боюнча макулдашуу болгон.  Азыр бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Буйруса, күзгө чейин тендер маселеси толук бүтүш керек да. Кыскача маалымат мына ушундай. Ушундан улам мен соцсеттерде “бул жолдон 600 миллион доллар уурдалып кетиптир” деп тарап жаткан маалыматтарды жалган, тек гана жомок сөз экенин баса белгилеп айткым келет. Биринчи, экинчи фазага жалпысынан 700 млн. Жумуштун 66 пайызы аткарылып бүтсө,  кандайча анын 600 миллиону уурдалып кетет? Кыскасы, бул жагы логикага сыйбай турган маселе.

Бул маектин видео версиясын төмөндө көрүӊүз:

-Курулуп жаткан туннель жана эстакада боюнча маалыматыӊызды угалы. Себеби, бул боюнча да токтоп калыптыр, суу чыгып калыптыр деген сөздөр чыгып жатпайбы…

-Эч кандай токтоп калган жок. Иш жүрүп жатат. Азыр туннелдин түштүк жагы 500 метрден, түндүк жагы 1000 метрден ашып калды. “Штолнья” деп коет, ал 2 чакырымдан ашты.Бул туннелдин деӊиз деӊгээлинен 2500 метр бийиктикте. Жалпы узундугу 3870метр. Туурасы 12 метр, бийиктиги болсо 9 метр.  Бирок курулуш мөөнөтү боюнча артта калуу болуп жатат. Себеби, казып жаткан учурда түштүк жагынан сайдагы кумдай кум –шагыл чыгып калып, жумушту бир топ кечеӊдетип жатат. Ал эми суу маселеси башынан эле болгон.

Туннелдин ичинде кичинекей дарыялардай суулар бар эле. Анын баарын биз талапка ылайык кургатып жатабыз. Бул туннель Кудай буйруса толугу менен бүтсө Орто Азия боюнча, ал тургай мурунку СССР мамлекеттери боюнча заманбап, акыркы үлгү менен курулуп жатат. Коопсуздук жагы да абдан дыкаттык менен каралды. Кокус ичинде өрт чыгып кетсе, “бензовоз” жарылып кете турган болсо ошол өрткө туннелдин материалдары толук  чыдайт. Ар бир 300 метр сайын машинелер чыгып кете турган жанаша салынган кичинекей туннелдер да бар. Ал жакка Тез жардам менен Өрт өчүрүүчүлөрдүн машинелери кенен кирип чыгат. Мунун баары:  коопсуздук, кокустук, ар кандай кырсыктарды алдына алуу үчүн каралган. Көчкү түшө турган жерлер да бар. Бүгүнкү күндө биз көчкү түшө турган беш жерди белгилеп, аныктап чыктык. Эми ал атайы белгиленген жерлерге галерея курулат. Ал галерея аркылуу машинелердин  көчкүгө кабылбай өтүп кетүү жагы каралган. Андан бери түшкөндө, экинчи фазанын аралыгында  уникалдуу эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Ал көпүрөнүн туурасы 11,5 метр. Цемент түркүктөрү (диаметри 3 метрге чейин ) жерге 40 метрге киргизилген. Жердин үстүнөн да 40 метр бийиктикте турат. Себеби, анын алдында ГЭСтин суусу бар. Ал суу көтөрүлгөндө көпүрөгө жетпеши керек. Мындай эстакадалык көпүрө Кыргызстанга биринчи жолу курулуп жатат.

Эстакадалык көпүрөнү бул тасмадан көрөүӊүз:

-Сиз курулуш иштери, сарпталып жаткан каражаттын баары талапка ылайык болуп жатканын баса белгилеп айттыӊыз. Андай болсо, бул жолго байланыштуу урдоо, коррупция деген сөздөр ойдон чыгарылган болуп калабы? “Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дечү эле…

Бул сөздөрдүн чыгышына ТЭЦ маселеси бир аз себеп болуп калды го дейм. Бирок бул жол боюнча кандай документ керектелген болсо алардын баары теӊ өз убагында эле талапка ылайык бүткөрүлгөн. Экспертизадан өткөн. Эми бул жерде айрымдар салыштырбай  турган нерсени салыштырып жатышат. Кесипкөй адис катары айтайын. Мисалы, мурун салынган жолдуу кайроо оӊдоо менен жаӊы салынып жаткан жолдун ортосундагы каражат боюнча  чоӊ айырма бар. Муну эске алышы керек.

Бул Түндүк-түштүк альтернатива жолун долбоорлоп жатканда да бир топ кыйынчылыктар жаралды. Ошол учурда  кээ бир жерлерде адамдар чыгып бара турган жол жок болгон да. Ошон үчүн спутникалык программалардын жардамы менен долбоорлогонбуз. Биз эми бул жолго кетип жаткан акчанын ар бир тыйынына жооп беребиз. Баары ачык. Ошол жалган маалыматтарды таратып жаткандар бизге келсе, биз кесипкөй катары баарына түшүндүрүп берүүгө дайым даярбыз. Жогорку Кеӊештен бул жолду текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү, андан тышкары Эсептөө палатасы да текшерет. Барышсын, дыккаттык менен карап, иликтеп чыгышсын.

-Бул жолду салууда канча адам иштеп жатат?

-Жалпысынан 1000ден ашуун адам иштеп жатат, анын 60 пайызы биздин мекендештерибиз. Калгандары кытайлар. Орточо айлык жөнөкөй жумушчулар 20 миӊ сомдун тегереги. Кудай буйруса, бул жол 2020-жылы бүтөт деп турабыз. Азыр бизге жумушту кармап турган бир гана туннель. Аны бүтсөк, жол ачылат.

Маектешкен:  Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here