Алар:  КСДП фракциясынан — Нурмахаммат Баяхунов, Музаффар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, “Республика — Ата-Журт” фракциясынан — Өмүрбек Бабанов, “Ата Мекен” фракциясынан — Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынан — Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, “Кыргызстан” фракциясынан — Канатбек Исаев жана Дамирбек Асылбек уулу. Бул депутаттарга:   “Коррупция”, “Алдамчылык”, “Массалык баш-аламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана башка беренелер менен айып тагылган. Арасында саясый негиз менен каралангандардан бир-эки депутат бар.  Жыйынтыгында 12 депутаттын төрттө сот чечими менен мандатынан ажыраган. Экөө чет өлкөгө “качкан”. Дагы төртөө камакта жатат. Негизи бул аз көрсөткүч. Бул аралыкта дагы 10-5 депутатка кылмыш ишин козгогоо негиздер бар. Кылмыш козголбой, ЖКда комитет жетекчиси болуп жүргөн кылтыңдап жүргөн Искак Пирматов баштаган депутаттар акчанын күчү менен элге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Аларды карап, жерге гана түкүрүп, баш чайкайсың.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here