7-июлдан 8-июлга караган түнү чейрек финалдын алкагында Орусия Хорватия менен бетешип, жыйынтыгында  берилген кошумча убактыларды кошкондо  оюн эсеби 2:2 болду. Андан соӊ пенатилер сериясы берилип, хорват футболчулары 11 метрлик аралыкта топту таамай тээп, жарым финалга жолдомо алышты.  Пеналтинин жыйынтыгында эсеп 4:3 болуп оюн аяктады. Орус футболчулары Смолов  менен Фернандес дарбазага топту киргизе албай калышты. Эми Хорватия жарым финалда Англия менен ойнойт. Кечээ Англия Швецияны 2:0 эсебинде жеӊип алган болчу. Бул жеңиш Англияны 28 жылдан бери жете албай жүргөн жарым финалга алып чыгууга мүмкүнчүлүк түздү.

Ал эми Россия үчүн чейрек финалга чейин жетүү өз тарыхында биринчи жолу болуп олтурат. Андыктан бул көрүнүш алар үчүн чыныгы тарыхый иш болуп калды.

Башка тайпа боюнча жарым финалда 10-июлда Франция менен Бельгиянын улуттук курама командалары ойношмокчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here