Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбковго кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда Кыргызстан  үчүн чоң көйгөйлүү маселени көтөргөн. Кайрылуунун өзөгүнө төмөндө көз чаптыралы:

«Шаарда үйлөрдү салып жаткан жүздөй курулуш компаниясы бар. Аларга “Силерге жер берип жатабыз. Акционер болуп, стадион салып койгула» деп эч ким айтпай жатат. Мен бул идеяны ар бир президентке айтып келем. Азыр өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылам. Бай адамдарды чогултуп, демилге көтөрсө… «Көп түкүрсө көл болот» болуп каражат бөлүп беребиз. Мен өзүм алгачкылардан болуп берем, үлгү болушум керек», —дейт Салымбеков.

Анын айтымында ишкерлерди чогултуп, ар бир губернаторго бирден футбол командасын түптөө талабы коюлса, жети облус, эки шаардан жалпы 9 команда түзүлөт. Алар бири-бири менен ойноп атаандаштык өссө футбол өнүгөт дейт. Салымбеков ошондой эле өз сөзүндө:  «Себеби 2019-жылы Түштүк Корея менен ойнойбуз. Бул оңой эмес. Ошентсе дагы тобокел кылып барып көрөлү, ойнойлу», — деп кошумчалаган. Чынында Аскар Салымбеков кыргыз спортуна, айрыкча футболго күйөрман болуп, өз каражат сарптап келет. Бул маселе сөз жок колдоого алынышы зарыл

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here