Сочиде бүгүн тротуарга чыгып кетип, алты кишини сүзгөн автоунаанын айдоочусу, 23 жаштагы жергиликтүү тургун полицияга таксист экенин, машине айдап баратып көзү илинип кеткенин, акыркы эки суткадан бери уктабаганын айтканы маалым болду. Белгилей кетсек, коомчулуктун үрөйүн  учурган бул жол кырсыгы бүгүн Сочинин Лазарев районунун Дагомыс поселогунда, коомдук транспорттун “Чаяная фабрика” деген аялдамасында болгон. «Шевроле» үлгүсүндөгү автоунаа тротуарга чыгып кетип, алты кишини сүзүп кеткен. Анын кесепетинен бир адам каза таап, 5 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Эске сала кетсек:  16-июнда Москвада кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу уктап кетип  жол четиндеги адамдарды сүзгөндө сегиз киши жараат алган. Ал өзү сот чечими менен эки айга камалган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here