—Жогоруда алтын ийне тууралуу айтпадыӊызбы. Мен ушул алтын ийнеге басым жасап сурагым келип жатат. Алтын ийне деп бир кезде элдин түшүнүгүнө караганда мода болуп кеткендей сезилген да. Өзгөчөлүгү укмуш экен, таасири мындай таасири экен деп. Ушуну окурмандарга тереӊирээк айтып бересизби? Алтын ийненин өзгөчөлүгү кандай?

—Алтын ийне деп бизде айтылып калбадыбы. Бул ийне рефлекс терапиясы болуп эсептелет. Алтын ийне деп эле эл арасында айтылган сөз. Ийне алтындан деле, күмүштөн деле жасалышы мүмкүн. Жогорку даражадагы металлдан жасалышы мүмкүн. Жогорку касиеттеги металлдан эмне үчүн жасалат? Алтындан эмне үчүн жасалат? Булар инфекцияны, вирусту кармабайт. Кытайлар микробдорду чала-була зыянсыздандырып  алып эле сая берет. А бизди союз учурунан бери көндүргөн да. Бизде ар бир бейтапка өзүнчө  ийне ( одно разовый)  колдонгонго талап коюлган. Алтын ийне Кытайда биздин эрага чейинки 3-кылымда пайда болгондугу тууралуу тарыхый маалымат бар. Ал маалыматта император менен врачтын адамдын денесинде канча чекит, ал чекиттер кайсы жерде жайланышкандыгы тууралуу сүйлөшкөнү жазылган. Жер деле түндүк-түштүк уюлдан турган сыяктуу адамдын органы да көӊдөйлүү жана көӊдөйсүз орган болуп экиге бөлүнөт. Кытайда деле тамыр кармап ысык-суук ооруларды аныкташат. Бир суткада 12 органдын активдүү кезинде ийне сайышып калыбына келтиришет.

—Алтын ийнени кандай адамдар алганга болбойт?

—Кытайда көбүнчө баардык ооруларга ийне сайыла берет. Туберкулёзго, инфекциялык ооруларга, онкологиялык ооруларга, хирургиялык ооруларга ийне сайылбашы керек. Андан тышкары карыган адамдар менен жаш балдардан тышкары температурасы көтөрүлүп тургандарга сайганга болбойт.

—Алтын ийне дүйнө жүзүнө канчалык деӊгээлде жайылган?

—Азыркы кезде дарынын баары эле химикат болуп жатпайбы. Мен дары чөптөр менен 10 жыл иштедим. Дары чөптөр анча жардам бере албайт. Ал эми химия тууралуу айта турган болсок, бул — био-химия да. Тактап айтканда биологиялык таасири бар дарылар катары эсептелет. Бул жерде фармакология системасы абдан өнүккөн. Ар бир оорунун дарысы бар. Мындайча айтканда дарынын түрлөрү көп. Касиеттери да жакшы. А бирок анын баары химия болуп жатпайбы. Ал эми  иглотерапия химия эмес да. Бул физикалык дарылоо болгондуктан мындай ыкмада ийне тиешелүү чекитке сайылат. Бул ыкма азыркы мезгилге ылайыктуу болуп жатат. Бул ыкма аллергия кылбайт. Көзү кыйшайгандарга, колу-буту иштебей калгандарга иглотерапия жардам берет.

Бул маектин видео версиясын  төмөндө толук көрө аласыздар:

—Буга чейин терс таасир берген учурлар байкалды беле? 

—Эми терс таасир берген учурлар байкалат. Эгер адис өз ишинин устаты болбосо. Көрүнгөн жерге сая берсе, албетте, жакшы жыйынтык болбойт. Бул жерде ийне саюунун өзүнүн ыкмасы бар да. А мен өзүм иштегенден бери терс таасирин көргөн жокмун.

—Бизге коӊшу өлкөлөрдө алтын ийнени канчалык деӊгээлде колдонушат?

—Кытайда көп колдонушат. Чыгыш өлкөлөрүнүн баарында эле колдонулат. Анадан тышкары мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн баардыгына тараган. Америкада деле колдонуп жатышат. А негизинен Кытайга жакын аймактарда көп колдонулууда.

Белгилей кетсек, Бекбоевдин жеке медициналык борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Тамыр кармап, оорунун диагноздору аныкталат;
  • Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, мануалдык терапия жана укалоо жолу менен дарылоо жүргүзүлөт;
  • Ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын;
  • Тери жана аллергия ооруларын;
  • Муун жана омуртка ооруларын;
  • Айыкпаган жарааттарды, жыныстык жана башка илдеттерди кадиксиз айыктырат.
  • Мындан сырткары тиш дарылоонун заманбап түрлөрү колдонулат жана гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүнө дарылоо жүргүзүлөт.

Лиц. МК №030529

Дареги: Бишкек шаары, Астрахань көчөсү, 23, Киркомстром району.
Байланыш телефондору: (0312) 45-01-47, 45-01-75, (0779) 30-47-06

Баарлашкан:  Айбек Шамшыкеев

 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Саламатсызбы менин буттум оруп атат кечинде жакшы эле жаткам тунку саат 02 45те буттум оруп атат тоомуктун жааны жардам беринизчи

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here