2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1, 5 миллиард долларга аз.  Расмий маалымат боюнча өлкөнүн тышкы карызы бир жыл ичинде 0,8 миллиард долларга азайганы Казакстандын улуттук банкы маалымдаган. Тышкы карыздын көлөмү ИДӨнүн 102,2 пайызын түзөт. Казакстандын  тышкы карыздын көбү — 63% фирма аралык береселерге тиешелүү. Ал эми  26% — насыячылар алдындагы «башка секторлордун» бересеси, 8% — мамлекеттин тышкы карызы, 4% — банк секторлорунун тышкы милдеттенмелери болуп эсептелет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here