Арабызда  аксап баскан же кыр аркасы ооруп кайкалай белин кармалаган карыларды эле эмес, жаштарды да көп кезиктиребиз . Көрсө муун жана бел оорулары денедеги зат алмашуу бузулганда, оор нерсе көтөргөндө , муундарга  күч келгенден  улам пайда болот экен.

Оорунун эмнеден улам келип чыгары , кандай дарылоо керектиги  жана башкалар тууралуу Чыгыш медицинасы  боюнча белгилүү  адис дарыгер “Бекбоев” медицина борборунун жетекчиси  БЕКБОЕВ Темирбек Бекбоевичке кайрылганбыз.

—Бейтаптар көп кайрылып, кеӊири тараган оору – бул муун оорулары. Бруцеллёздон болгон калдык болобу, жэ муундары кыйшайып, муун сөөгүнүн структурасынын бузулушунанбы  (деформациялык, остеартроз), айтор, ийне терапиясына өзгөчө көп кайрылуучулар булар муундары ооруган айылдык ата энелер, аксакалдар, кээде жаштар дагы көп кайрылышат. Алар балдак же носилка менен келип, дарылангандан кийин басып калышса, ийне терапиясына ишеничтери артылып, алкыштарын айтып, аябай кубаныч менен кетишет.

—Азыр жаштар арасында кыр аркасы  ооругандар арбын. Медицинада “остеохондроз ” деп аталган ушул дарт тууралуу айтып берсеӊиз?

—Чындыгында , остеохондроз эӊ көп тараган оорулардын бири. Остеохондроз омурткалардын ортосунда аларды бириктирип  денесиндеги  негизги муундардын бири болгондуктан, бардык жасаган кыймылдарыбыз, кара күч жумушунун  бардык оорчулуктары ушул кемирчек тутумдаштырып турган омурткалар аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындайча айтканда , жерден бир нерсе көтөрсөк да, биринчи иретте моюн омурткасы  менен бел омуркасына күч келет. Өзгөчө, бел омурткасы негизги жумуштарды аткарат. Белден кийин эле бут болуп жатпайбы.

—Бел омурткасы демекчи , эмнеден улам иштөө функциясы бузулат?

—Башкысы- өтө көп жумуш кылгандан. Оор нерсени туура эмес көтөргөндөн. Ал эми оор нерсени туура көтөрүүнүн дагы өз эрежеси бар эмеспи. Мисалы, эӊкейип жерден оор нерсени алуу жаш өткөн сайын кыйын. Бир жагынан оордук көтөрүп, белине күч келтирип алса да кемирчекке доо кетет. Эл арасында аны жылышты деп коёт. Кээде оор нерсени дароо   эле обдулуп туруп, аркасына салып туруп, көтөрүп кетишет. Ошондо бел анча-мынча мертине түшүшү мүмкүн. “Остеохондроз”- деген өзү кемирчектин зат алмашуусунун бузулушу дегенди билдирет. Анын оорусуна кыймылдабай көп отуруу да апкелет. Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай көп отуруу да апкелет. Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай жаза бермей адатыбыз да бар эмеспи, бул моюн омурткасы үчүн зыян. Анан кемирчектин бузулушуна тамак-аштын экологиялык жактан таза эместиги сыяктуу бир кыйла  бир кыйла себептери бар. Азыр тамак аштын курамына туз көп кошулуп, ар кандай сапатта, түрдүү аралашма түрүндө болуп жатканын өзүӊүздөр жакшы билесиздер.

Дагы бир себеп нервдик-психикалык жактан жабыркоо. Ушундай себептер менен катар эле остеохондрозду жаратып жана күчөтүп жиберген эӊ негизги коркунунуч- бул суук тийүү. Суук тийгенден көп оорушат.

—Демек, өтмө жел (сквозняк) чөйрөсүндө жүрүп же ошондой абал шарт менен иштегендер остеохондрозго көп чалдыгышат турбайбы?

—Ооба ошондой. Маселен, таксисттер, айдоочулар көп оорушат. Анткен себеби тердеп туруп, суукка көп чыгышат. Машинанын бир жак капталынан жел да уруп турат эмеспи. Анан жумуш өзгөчөлүгүнө жараша , руль башкарганда колго, демек моюнга күч келет.

Остеохондроз тукум куушу мүмкүнбү ?

— Жок. Бул бир сөз менен айтканда кол менен жараткан оору. Генде бир аз “жакын ыктоочулук” болушу мүмкүн, бирок негизинен тубаса эмес оору. Мурда жаш балдар, өспүрүмдөр омуртка кемирчегиненжабыр тартчу эмес. 20 жаштан өткөндөр ооручу. Азыр болсо, 10-15 жаштагы өспүрүмдөр ооруп келип жатышат. Буга таӊ калбай койбойсуӊ.

Колум ооруйт, моюнум ооруйт, белим ооруйт дешет. Белин, аркасын тебелетип жатышчу. Көрсө, мына ушунун өзү да эӊ жакшы массаж турбайбы.

Эмне үчүн кыргыздар остеохондроз менен аз оорушкан. Анткен себеби, алар турмуш шарттын өзгөчөлүгүнөн улам ат үстүндө көп жүрүшкөн. Ошондо тынымы жок массаж жасалып турган. А азырчы, бир орунда көп отурабыз, норма-чеги жок көп иштейбиз . Натыйжасын көрүп жатпайбызбы.  Ошондой эле илгерки кыргыздар жерге эле төшөк салып жатышкан, чоюлма асыт төмөн түшкөн керебетте уктоо деген болгон эмес.

—Остеохондрозду толук айыктырууга болобу?

—Айыктырууга болот. Бул көп жагынан адамдын өзүнө байланыштуу. Биринчи кезекте комплекстүү иш-чаралардын натыйжасына ээ болуу керек. Суук тийгизүүдөн, олдоксон оор жүк көтөрүүдөн, бир орунда көп отуруудан жана башка  жагдайлардан качуу керек.

Эгер оорунун күчөтүп алып, кемирчек сыртына чыгып, башкача  айтканда, грыжа болуп калса , анда төмөндөгүдөй дарылоо ыкмаларын колдонсо, сөзсүз натыйжа бербей койбойт.

  1. Алтын ийне сайдыруу.
  2. Массаж. (кол менен укалоо)
  3. Мануалдык терапия. Омуртканы чоюп түздөө ж.б.

Кыргыздын сыныкчы-табыптары “омуртка жылышып кетптир” деп көп айтышканын угуп калабыз. А чынында , омуртка эч жылышпайт, болгону жогоруда  айтканкемирчек сыртка чыгып, грыжа түрүнө өтүп кетет. Бул кыр арка дарты нерв жана кан тамыр системаларын кысып, натыйжада башка да ар кандай дарттарды чакырып жана козгоп коюшу да ажеп эмес.

       Бата менен эл көгөрөт

Жээнбаева Зымырат, 60 жашта

Жалал Абад облусунан келдим. Мени азапка салган боор менен өтүм . Өзүм жашаган аймакта деле доктурлар бар. Бирок даарылоо ыкмалары менин дартыма жакшы натыйжа бере алган жок.  Республикалык ооруканага  да кайрылгам. Ал жерде Бекбоевдин борборундагыдай  көӊүл кубантарлык натыйжа бере албады. Бир оору экинчи ооруга алып келет экен. Муундарым да ооруйт. Бул борборго 2010-жылы май айында келип, дарылангам. Таасири өтө жакшы болду. Андан кийин дабагердин кеӊеши менен сентябрь айында кайра келдим.  Ошол убакыт аралыгында жан кейиткеноорудан кутулуп,өзүмдү жеӊил жана сергек сезип жүрдүм. Кийин 2015-жылдын сентябрь кайрылдым. Ошол боюнча эми дарылануудамын. Кайрылган бейтаптарга бирдей мамиле жасаган, өтө зирек зээндүү, мыкты адис экени бул жерге кайрылгандар айтышат. Доктурга алкышым чексиз .

Бекишова Рая

55 жашта

-Кочкордон келдим. Бут тизе, муундарым ооруганына  10 жылдан ашты.  Көп дарыгерлерге барып, дартыма дабаа таба албай кыйналып жүрдүм.  Анализ тапшырып, акча короттум.  Ошого жараша бир мандеми чыксачы. Барак толтура дары жазып, үйдөн ичиӊиз дешип, текшерген доктурлар жолго салышат. Айлам кеткенде табыптарга да брып жүрдүм. Бирок эч кайсынысынан шыпаа болбой жүрүп,  муун бут ооруларым дабагар темирбек Бекбоевден шыпа таптым.

Биринчи дарыланганымда эле таасирин сездим.  Акча каражаты да башка дарыгерлерге караганда аз өлчөмдө экен.

Бейтапты дарылоосунун сапаты  таасирдүү. Дарыланып кетеримде кайра үч айдан кийин келиниз деген . экинчи ирет дарылануудамын. Өзүмдү жакшы сезип жүрөм. Бекбоевдин  алыстан келген оорулууларга жатакана берүүгө шарты болуп,  өркүнү өссүн.

Өмүркулова Кызбурак

Башыман сокку алгам. Алты ай сайын кайрылып, дарыланып турам. Көп менчик жана мамлекеттик ооруканаларга кайрылдым. Ошолордун ичинен Бекбоев жетектеген бейтапкана менин дартыма жакшы таасирин берүүдө. Оору азапка салып жүргөндөргө дал ушул борборго кайрылгыла  деген туура кеӊешимди айтам.

Маектешкен Ч.Абраева

 

 

1 КОММЕНТАРИЙ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here