— Биздин өлкөбүз кытай электромобилдерин чыгаруу, аны Борбор Азия жана ЕАЭБге экспорттоо үчүн аянтча болуп бермек. Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытынын келечеги бар деп эсептейм-деди Сооронбай Жээнбеков  Бээжиндеги мамлекеттик сапарында Кытай төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшкөн учурда.

Мындан сырткары Кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге да кол коюлду.

Жээнбековдун Бээжиндеги мамлекеттик сапары 8-июнга чейин уланат. Андан кийин 9-10 июнда Кытайдын Циндао шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here