Жогорку Кеӊеште жоругу жолдо калгыр депутаттар абдан арбын. Алардын бири улуту дунган Бахадыр Сулейманов. 2011-жылдан бери ЖКда депутат. 2011-жылы «Ата-Журттан», 2015-жылы «Ата-Мекен» фракциясынан депутат болгон. Белгилүү болгондой өткөн жумада «Ата Мекенчилер»  Тарых музейге алынган эмеректердин баасын коомчулукаа ачыктап, чоӊ талкуу жаратышты. Мына ошол тарых музейдеги кыдырууда Бахадыр Сулейманов 14 миӊ еврого алынды деген аттарды сынга алып жатып, кыргыз улуту үчүн жаман сөз айтты. Аны береги тасмадан көрүп, өз бааӊыздарды берсеӊиздер болот. Ал: «Була атка, балким Каныкейди олтургузасыӊарбы?»- деген ачуу кепти кыйытты.

Каныкей энебиз ошондой атка олтурчу беле? Деги эле Манастын доору менен немицтер азыр жасаган бул атты салышытып болобу? Сулейманов бул жагын ойлодубу?

Каныкей деп кадимки Манас атабызды Манас кылган Каныкей энебизди айтып жатканы түшүнсөк болот. Ооба, кымбат баага алынган экспонаттарды каалагандай сөздөр менен сынга алса болот. Бирок ал маселеге Каныкей энебизди аралаштырып, чаптап эмне кереги бар? Сулейманов кыргыз элинен агарып -көгөрүп жатса да, ичкен кудугуна түкүрүп, кыргыздын улуу Манасына, Каныкейине  эмне үчүн минтип сөз тийгизип жатат? «Бөрү баласы ит болбойт» — деген ушулбу? Сындаган ушул болот деп, оозуна келгенди айта берсе, жарашат деп ойлойбу? Анын минтип керооздонуп сүйлөгөнүнө эмне үчүн өзүн өтө акылдуу сезген Каныбек Иманалиев «кой» деп кое албады? Иманалиев деле таза эмес, сөзунөн башка берекеси жок саясатчы чалыштардын бири болуп калганын калкыбыз эӊ жакшы билип калды. Анан андан эмнени күтүүгө болот? Ал эми Сулейманов дегениибиз да таза эмес, казса, былыктары буруксуп чыгат. Себеби, таза эмес жол менен байыган. Акаевдин учурунда анын бийлиги менен жакшы болуп, Мамлекеттик сатып алуулар жана резервдер фондун жетектеп, укмуш байыгандыгы,  бир катар каржылык мыйзам бузууларга баргандыгын эмдигиче айтып жүрүшөт. Бирок ал боюнча жооп бербей, эми минтип элге акыл үйрөтүп, кыргыздын тарыхындагы улуу инсандарга каратып туруп асылып жатканы, кайсы акылга сыяат?

Сулейманов экөө ал жерде жанаша басып, журналисттерге өздөрүн өтө акыылдуу сезип, укмуш сүйөлөп жатышат го. Чыныда Сулеймановдун антип сүйлөшү кыргыз элин, Манас эпосун сыйлабасыткка жатат. Андыктан, Сулейманов бул ойлонобой сүйлөгөн сөзүн үчүн жалпы кыргыз элинен кечирим сурасын! Манаска сөз тийгизгендердин улутуна карабай тегиз кечирим суратып, тартипке чакырып турбасак, Манасыбызды ар ким кол жолук кылып алчудай. Демек, сиздер да бул маселеге кош көӊүлдүк кылбаӊыздар…

 

Депутаты проверяют реконструкцию исторического музея

Опубликовано Kaktus Media Четверг, 24 мая 2018 г.

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Кыргыздарга чала!!! «Дунганстанда», Озбекстанда, даже Казакстанда бир кыргыз депутат барбы??? Жок!!! Озубуз шайладык!!! Дагы 500 сом берсе кытайды да шайлайбыз!!! Кыргызга сала!!! Моюнга озубуз мингиздик!!! Кыжаалат болбосун — эми башыбызга алар оздору эле чыгып алат!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here