Туйгунаалы Абдраимов кызматка барды

Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.

60 жаштагы Туйгунаалы Абдраимов буга чейин  саламаттык сактоо министри, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы кызматтарын аркалаган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *