Тарых музейин кеткен чыгымдардын тизмеси ачыкка чыкты. Ал тизмелерди көрүп олутруп, айрымдарына төбө чачыңыз тик туруп кетиши толук мүмкүн экен. Маселен, эки экспонаттык ат алынганю Алардын ар биринин баасы  14 миң евродон сатып алыншган. Чынында сүрөттө көрүнүп тургандай алар атка анча окшобой, депутаттар айткандай эшекке окшоп калган.

Депутат Иманалиев: «Түркиялык компания ичин 14 миллион долларга баалап, бекер бүтүрөбүз деген. Сыртын 4 миллион доллар, ичин 10 миллион доллар менен бүтүрүшмөк. Сыртын бүтүргөндөн кийин ичин жасатпай туруп биздин аткаминерлер келишимди жокко чыгарышат. Анан өзүбүздүн акчага курабыз деп 23 миллион доллар жумшашкан. Эми караңыздар, болжолдуу сумма менен алганда эле 13 миллион доллар уурдалганы көрүнүп турбайбы?!» — деп өз эсептөөсүн айтып чыкты.

Мындан тышкары,  Маданият,министрлигин имаратынын алдында орнотулган: Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахмановдун бюсттарынын ар бири 4500 долларга эле жасалганын айтып, музейдеги аттардын статуясы 14 миң евродон алынганына таң  калып жатканын кошумчалаган.

Бул тизмеде: эмеректерге, жабдыктарга, консультациялык иштерге кеткен чыгымдардын суммасы көрсөтүлгөн:

— фонддук жабдуу — 665 миң 554 евро;

— тирөөч/экспонаттардын жайгашышы — 242 миң евро;

— экспозициянын курулушу — 1 миллион 339 миң 837 евро;

— экспозициялык жабдык (витрина) — 2 миллион 854 миң 285 евро;

— мультимедиалык жабдыктар — 497 миң 310 евро;

— шамчырак, көргөзмө залдар үчүн шина проводдор — 552 миң 910 евро;

— графика/жарнамалык жабдык — 271 миң 965 миң евро;

— мультимедиа үчүн контент — 419 миң 100 евро;

— климаттык жана өлчөөчү жабдык — 316 миң 695 евро;

— реставрациялык жабдык — 238 миң 918 евро;

— сактоо үчүн атайын таңгак — 50 миң 2 евро;

— фойе үчүн эмерек, касса жана музей дүкөнү — 271 миң 968 евро;

— гардероб үчүн эмерек — 142 миң 560 евро;

— кафенин кире беришине алынган эмерек — 224 миң 56 евро;

— жыйындар залы/кинозал — 132 миң 516 евро;

— шамчырактар жана коомдук бөлмөлөр үчүн шина проводдору (фойе, аудитория, ажаткана) — 91 миң 945 евро;

— дизайнердик консультация кызматы — 394 миң 200 евро;

Тизмектелген эмерек менен жабдыктардын жалпы суммасы — 8 миллион 705 миң 821 евро.

Мунун баарына буюртманы «СМУ-3» ЖЧКсы (Кыргызстан) берген, ал эми аткаруучулар — «Витринен унд Гласбау Райер гмбх» (Германия) компаниясы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here