Тарых музейин оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро сарпталган

Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулайманов фракциянын көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, тарых музейин оңдоп-түзөөгө конкурс жарыяланган учурда эч кандай долбоордук-сметалык документация болгон эмес. Ал эми консультативдик-дизайнердик кызмат көрсөтүүгө эле 394 миң евро сарпталган.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин төрагасынын орун басары Урмат Кокочоров депутат Каныбек Иманалиевдин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

— Конкурска беш жергиликтүү фирма катышкан. Алар сунуш кылган суммасына эмес, иштөө тажрыйбасына, техникалык базасына карап тандалган. Тендердик комиссиянын төрагасы Жайчиев Кушбак Жайчиевич болчу. Аны Мамлекеттик курулуш агенттиги өкмөттүн токтомуна ылайык көрсөткөн. Конкурс жарыяланган учурда реконструкцияга сарптала турган сумма белгисиз болгон.​

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев сумма белгисиз болгонуна карабастан, тендер жарыялабастан сынак жарыяланганына укук коргоо органдары көңүл буруш керек экенин айтып, бул одоно мыйзам бузуу деп билдирди.

Булак: Азаттык

Тарых музейин оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро сарпталган: 2 комментария

  1. Деги Кудайды карасак боло. Не болуп бара жасыңар! Бир стул жүз миңге… Уят! Уят Алкымыңарды тыйсаңар боло. Тобоо кылдым!!!

  2. Кыргыздын тулпарлары эшекке окшосо, олтургучтар жүз миң сом, кийим илгичтер 149миң еврого чыкса, булар эмне чылк эле алтын, бриляттан салганба. Тигил стул бир айда эле сынчудай го. Жегенде сиңип кетээрине ишенип жедиңер го сыягы. Ошондо кусаарыңарды деле ойлоп койсоңор болмок. Уят кайда?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *