Бишкек шаарынын мурунку мэри, жакында эле Бажы кызматынын жетекчилигинен алынган Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иштин алкагында мүлкү камакка алынганын  УКМКдан белгилүү болду.
Буга чейин ал Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушуна кытайлык TBEA компаниясы салган мектептин курулушундагы иштер боюнча 2 жолу сурак берген. Мэр болуп турган кезинде аталган мектепти ТВЕАдан алынган  1 миллион долларга  тендер өткөрбөй, «Альто Групп» деп аталган фирмага түздөн-түз берип койгон. Андан тышкары, шаардык бюджеттен 103 миллион сом  которгон. Жакында ал фирманын жетекчиси камакка алынган. Ал эми Кулматовдун камакка алынбай, үй камагына чыгып жатканы да көп суроолорду жаратууда. Айрым маалыматтар боюнча  ал көп суммадагы каражатка  үй камагына чыкканы айтылууда. Негизи Кулматовго коррупция боюнча оор берене менен кылмыш иши козголгон соң, ал дароо камакка алынышы керек эле. Же бул жерде да баягы эле акчанын кызыкчылыктары болуп жатабы? Ал эми Кулматов үчүн миллиондор кеп эмесин эл жакшы билет. Президент деле Коргоо кеңешинде эч кандай үй камак болбош керек дегендей маселе көтөрдү эле. Же президенттин айтканы ушундай учурларда жерде калып калып жатабы? Айтор, Кулматов эрикндигин сатып алуу үчүн коррупцияга каршы күрөшкөндөр менен жең ичинде болушунча соодалашып жаткан жокпу? Мына ушул маселеге көңүл бургулачы, жакшылап…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here