Өткөн жумада коомчулукка миллионер ишкер жана ЖКга депутат болгон адам катары таанылган Рустам Маманов менен машыктыруучу Александр Воиновдун бир тууганы  Воинов экөө кармалып,  УКМКнын абагына киргизилген. Экөө курулуш жаатында бизнес кылышып, Кытай жаранына жер сатышып, акыры аны миллиондогон долларга алдашканы айтылды. Эми буларга кандай жаза берилет, аны убакыт көрсөтөөр. Негизи, Маманов кыргыздын темирин Кытайга ташып байыган. Депутат болуп турган кезде да бизнесин кыйла өркүндөттү. 2010-жылдан  кийин Чүйдөн алтын чыккан кенди арзан баадабы, же мыйзамсыз жол менен айтор, айтор өзүнө ыңгайлуу ыкма менен алып, аны кайра 18 миллион долларга сатып жибергендигин көпчүлүк билет. Кыскасы, байлыктын болшунча баскан. Эми анын азабын тартып баштагандай… Рустам мырза эми, ал байлыктын далайынан ажырап калышы мүмкүн.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here