Бакыт Жетигенов, КСДП депутаты: Күнөөлүүлөрдүн баары тең кызматына карабай жоопко тартылышы керек!

 

Бакыт мырза, ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу тизмеге күнөөлүү катары киргизилгендер боюнча эмне айтасыз?

Ким күнөөлүү болсо, кызмат абалына карабай мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек. Биз бул ЖЭБдеги коррупциялык схемада жумшактык кылбашыбыз керек деп ойлойм. Өткөн жумада карап, бүтпөй калдык. Эми бүгүн да кечке карайбыз.

—Эмнеге бул жумага калтырып койдуӊуздар? Соодалашуу болгон жокпу?

—Соодалашуу деле болгон жок го. Болсо да, комиссия иштеп жаткан учурда кызыкчылыгы бар адамдар соодалашкандыр. Бирок соодалашуудан канчалык майнап чыгат? Бул жагы да өзүнчө бир суроо да.

—Депутаттык комиссиянын кортундусуна канааттандыӊызбы?

—Кемчилигин, толук болбой калганын айтып жатышпайбы. Кандай комиссия болбосун, ал идеалдуу болбойт. Артыкчылыгы да, кемчилиги да болот. Бирок ушуга чейин канча деген депутаттык комиссиялар түзүлүп, Кумтөр жана башка көптөгөн ар кандай маселе боюнча иш алып барышканын баары эле билет. Бирок саны бар, сапаты, жыйынтыгы жок болуп келбедиби. Бул чындык. Мен да буга чейин бир канча депутаттык комиссияда иштедим. Бирок эл каалагандай жыйынтык чыгара албадык. Комиссия дегениӊ ишти талаптагыдай аягына чыгарбай эле бузуп, же чаташтырып салат окшойт. Кызыкчылыктар болот, саясат аралашып, же башкасы болуп кетет.   Бул комиссия деле ушундайды баштан кечирди го. Баарын талаптагыдай кылып, аягына чыгарат дегенден алысмын. Депутаттык комиссияга ошон үчүн мен такыр киргим келбей. Мисалы, ушул чакырылышта бир да депутаттык комиссияга кирбедим.

 —Сиздин чечим кандай болот? Колдойсузбу?

—Эгер бул депутаттык комиссиянын жыйынтыгы саясатташып кетпесе, тиешелүү тараптардын чечимдери адилеттүү болсо, анда мен толугу менен колдойм. Күнөөлүү делген адамдардын айрымдарын “ак карга” кылып актап салбай, баарын мыйзамдуу жоопко тартылса деп эл да күтүп жатат.  Андай болгон учурда мен сөзсүз колдойм. Мурунку президенттин командасын таптакыр эле мокочо көрсөтүп, баардык күнөөлөрдүн баарын үйүп койгон да болбойт. Менимче, кимдер күнөөлүү болсо, ошолордун баары мурунку жана кийинки кызматтарына карабай жоопко тартылышы керек. Азыркы президенттин командасы, мурунку президенттин командасы деп бөлбөшүбүз керек. Себеби, баары теӊ бир эле команда болчу. Аны да эске алуу керек.

КСДПнын депутаттарынын көбү азыркы президент тарапка өтүп кеткени белгилүү болуп калды. Атамбаевди жактагандар аз эл калды. Бул боюнча эмне айтасыз?

Ортодо эки жактын теӊ командасы бар да. Ошолордун ичинен эле айрымдары ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышат го. Экөө узак жылдан бери дос болгон соӊ оӊой менен жеӊил-желпи, ичи тарлардын сөздөрүнө ишене койбос. Көрө албагандар болсо Атамбаев болду кетти, эми биз жыргашыбыз керек деген ниеттерин ишке ашыра албай жатышат го. Чагымчылдар бар. Эки дос эртеӊ эле кайра мамилесин бекемдеп, тил табышып алышса, ортодогу чагымчылдар эле уят болуп калат. Мен экөөнүн мамилеси ушундай нукка бурулат деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Эми саясатта ар кандай болот экен. Элибиз деле эч нерсеге таӊ калбай калды.

—КСДПнын 37 депутатынын көбү Атамбаевди сатып кетти, жакшылыгын унутту деп айтылып жатат. Бул боюнча сиздин позицияӊызды билсек?

—Чынын айтканда, бул маселе дагы депутаттар үчүн оор болду го. Көбү кыйналды, башка болду дегендей. Айрымдары атайын дегендей. Негизи  сатып кетүү, бул тарап, наркы тарапка өтүп кетүү маселеси ар кимдин жеке абийирине байланыштуу иш да. Мисалы, Сапар Исаковдун өкмөтүн бир жума мурун баарыбыз колдогонбуз. Бирок бир жумадан кийин позициясын 180 градуска өзгөртүп, каршы добуш беришти. Мен калыс болоюн деп, добуш бергеним жок. Менин абийириме туура келген жок. Анын үстүнө Исаков Атамбаевдин кишиси да. Биз да Атамбаевдин командасы менен депутат болуп келген соӊ, кол шилтеп салуу да туура эмес. Кол шилтегендер болуп жатат. Бирок мен мурунку позициямда эле калдым. Башынан эле бирөөнү жамандап, же бирөөнү ашкере мактагандан алысмын.

 

Булак: Багыт



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *