КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Жумабекова «Ала-Тоо-24» каналынын продюссери Чынара Токонованы инсульт абалына жеткирип койду

КТРКнын башкы директорунун орун басары жакында эле дайындалган Жылдыз Жумабекова “Ала-Тоо-24” каналынын продюссери Чынара Токоновага кысым көрсөтүп, анын инсультка жеткиргенин  Токонованын апасы Батма Абдразакова соц баракчасы  аркылуу Илим Карыпбековго кайрылды. 

Илим Карыпбековго

Кайрылуу

Урматтуу уулум Илим !

Менин кызым журналист ЧынараТоконова буга чейин ушул эле КТРКдан өсүп такшалып , кийин “5-канал”, “Интерньюс”, “НТС” сыяктуу каналдарда эмгектенип, өзүнүн күчтүү журналист экендигин көрсөтуп элге таанылып, оозго алынып калган.

Мындан 3-4 ай мурун өзүң жетектеген КТРКнын“ Ала-Тоо 24” каналына ишке алдың эле. Өзүң деле Чынаранын жакшы адис экенинен кабарың болгон үчүн ишке алган чыгарсың. Ошондон бери берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кынтыксыз иштеп жаткан . Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп, “Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгардың”- деген күнөө коюп кызымды аябай кысмакка алган.Өзү ишке тың,чыйрак, акыл-парасаты жогору, эч ким менен акыйлашпаган мүнөзү уяң кызым, жаңы келген орун басардын койгон талаптарына , жөнү жок асылганына ыза болгон экен, кечинде жумуштан жаман болуп келип “ апа мени Жылдыз иштетпейт окшойт, болбогон күнөөлөрдү коюп жатат, кыздар дагы айтышты Жылдыз сени аябай үстүңөн түшүп текшерип жатат дешти, “- деп айтты .Ошон үчүн “иштен кетүү жөнүндөгү “ арызымды жазганга аргасыз болдум деген. 3-май күнү аябай бушайман болуп,“Ала Тоо 24 “ каналында иштешкен курбуларына барып жолугуп келем деп кеткен. Арыз жазгандан бери бушайман болуп, улам-улам капачылыгын айтып, көнүп калган коллективден кеткиси келбегендигин айтып жатты.Кыздар менен жолугушкан жерден кан басымы көтөрүлүп, 200гө чыгып , жыгылган . Кыздар тез жардам чакырышып, Республикалык оорукананын Неврология бөлүмүнө “Геморрагический инсульт” болуп жыгылды , ( мед. Заключение бар ). Кызым азыркы тапта “Республикалык экинчи Неврология бөлүмүнүн реанимациясында жатканына он күндөн ашты. Көз жашымды төгүп оорукананы күзөтүп, он күндөн ашык отурганым отурган.Тепкичте ыйлап отурсам кыздар “Жылдыз келди “-дешти , жүзүнө тик багып карагым келген жок, буркурап ыйлап көз жаштан күчүмду чыгардым. Ызага буулугуп, кан басымы 200 дү тээп турганда “Өз арызым менен иштен бошотуп коюнуз” деп арыз жазган экен Неге териштирбей туруп арызын кабыл алып, дароо жумуштан бошотуп койдун , уулум Илим! Сюитанын материалын менин кызым Чынара эфирге чагылдырбаса , башка бирөө деле бермек да , бул жерде эмне аябай ат көтөргүз арман бар беле? Же каналда көрсөткөнгө тыйуу салган кишилер барбы? Болсо байкуш кызым аны билбесе керек. Сураштырсам орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы айтор ошол өчүн менин кызымдан алыптыр. Жаңы эле кызматка келип, кыргын сүргүн баштаган бул орун басарыңдын кылган иши Кудайга да жакпаган иш. Алчу өчүң башкача албайбы? Кызыма карата кылган бул мамилеси тууралуу “ Ала тоо 24” жамааты баары кабардар , бирок ар ким өз кызматынан, өз ордунан коркуп мага айткандарын ачык эч убакта айта алышпайт. Бул иштин терең иликтенишинен деле күмөнүм чоң, бирок ошондой болсо дагы өзүңө коомчулук аркылуу кайрылууну туура таптым! Эч убакта ушинтип кат жазып калам деп ойлогон эмесмин. Бирок, мен азыр жүрөгү тилинип жаткан энемин! Жакшынакай жүгүрүп чуркап иштеп жүргөн кызым инсульттун оор түрүнө кабылып төшөктөн турбай жатса, эмне арга кылам?!! Жылдыз Жумабекованын кызымды жыгып коюп, азыр ар кимден “путевка алып берем, антем, минтем” деп ортомчу салып, ар кимден айттырганынын кимге кереги бар?!! Менин кызымдын ден-соолугун эми ким кайрып берет, кадимки абалына кайтат деп ким кепил болот??!! Мен кызымды ушундай абалга алып келген адамгерчилиги жок ушул жетекчининин жазаланышын жана кызымдын ден-соолугу үчүн жооп беришин талап кылам! Азыр Кудайдан, кызымдын сакайышын тилеп отурам, бирок, эч ким, дарыгерлер баш болуп, толук калыбына келээрине кепилдик берген жок! Мен мыйзам чегинде дагы, бул маселенин чечилишине бутум үзүлгөнчө чуркайм! Азыр кызымды сыйлаган ар канал, гезит-журналдарда иштеген бардык журналист кесиптештери колдой турганын билгизип, учурда моралдык дагы, материалдык дагы жардам көрсөтуп келишүүдө. Баарына ыраазычылык билдирем! Жылдыз Жумабекова кызымдын азыркы ахывалына жооп берсин! Чара көрүлбөсө Жогорку Кеңешке, Президентке кайрылууга аргасыз болом!



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *