Жапаров менен Сатыбалдиев Көлбаевдин апасынын тоюнда тайраңдашып…

Камчы Көлбаевдин аз күн мурун апасынын 70 жылдыгын Бишкектеги эң “крутой” делген ресторандардын бириде дүңгүрөтө берди. Ал тойго жөнөкөй адамдардан тарта саясатчыларга чейин жетип барышып, Камчынын өзүн, апасы Мая Көлбаеваны жерге-сууга тийгизбей макташкан экен. Ошол саткынчы саясатчылардын катарында кадимки депутат, кадимки “коррупционер” Акылбек Жапаров, мурунку Башкы прокурор  Элмурза Сатыбалдиев   баштаган бир катар адамдар бар экен. Мунун өзү уят. Криминал чөйрөсүн тейлеп жүргөн адамдын алдында чөгөлөп жүргөн саясатчылар саясатка такыр жолдобошу керек. Саясат менен криминал – бул эки башка нерсе. Бирок Жапаровдо  принцип да, намыс да жок. Андан баарын күтсө болот. Балким эртең крим чөйрөнүн лөктөрү менен кыз алышып, кыз беришип   кан куда болуп калса да, таң калбагыла…



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *