ВИДЕО — Атамбаев Жээнбековдун колунан Эл баатыры наамын алгысы келбейби? Же баш тарттыбы?

Жээнбеков президент болуп иштеп жатканына 6 айдан ашты. Ал өзү ажо болгонго чейин эле өзүн бул кызматка алып келген Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыктуу экенин айтып, кызматка киришкен биринчи күнү эле, Атамбаевге “КРнын баатыры ” наамын берүү боюнча жарлык чыгарган. Андан бери  жарым жылдын жүзү болсо да ошол мамлекетибиздин эң бийик наамы Атамбаевге эмгиче тапшырыла элек. Бул жерде эмне сыр бар? Буга экөөнүн жеке мамилеси себеп болуп жатабы? Же Атамбаев Жээнбековдун колунан “баатырдыкты” алгысы келбей жатабы? Балким, жарлыгын чыгарарын чыгарып коюп, Жээнбеков бергиси келбей жатабы? Же кайсы бир чоң салтанатта тапшыралы деп  Ак үй тарап максат коюп жаткандыр. Кандай болгон күндө да, жарлык чыккан соң АША баатыр деп эсептелет. Ал эми тапшыруу маселеси экинчи маселе болуп калаар.

 Булак: Багыт



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *