Мелис Карыбеков, парапсихолог, көзү ачык: «Атамбаев катуу жаӊылган болсо, Жээнбеков андан да катуу жаӊылды»

Мелис Карыбековду кыргыз эли жакшы билет. Өзгөчө анын саясат жана саясатчылар тууралуу айткандарын жакшы көрөт. Себеби, бул адамдын саясый окуялар, саясатчылар жана «Кара дуба» тууралуу айткан көзү ачыктыгынын көбү турмушта дал келген. Маселен, 7-апрель окуясын, Атамбаевдин падыша болорун алдына-ала айтканы бар. Анын ушу сыяктуу айткандары көп эле.

Бирок акыркы жылдары элге чыкпай, саясат жана башка тууралуу көзү ачыктык кылбай, өзүнчө эле «бекинип», эл көзүнөн оолак болуп кетти. Мунун себеби эмнеде деп ойлоп жаткандар көп экени баарыбызга маалым. Мына ушул жагын биз да байкап, Мелис мырза менен жолугуп, аны менен көп  маселелер боюнча  кенен баарлаштык. Көп сурап, кызык жоопторду алдык. Ал окурмандарды кызыктыра турган көп маселелерди айтты. Айрыкча азыркы саясый абал, мурунку жана азыркы президенттер тууралуу да кызык жагдайларды ачыктап, өз касиетине таянуу менен, мындайча айтканда  көзү ачыктык кылды. Ал  айткандарынын канчасы дал келет, убакыттын өтүшү менен биз да саресеп салып байкап турабыз.

 —Мелис мырза, көптөн бери эл көзүнөн оолак болуп кеттиӊиз? Эмне менен алексиз?

—Эл катары эле, көр оокат менен алекмин. Жалгыздыкты жактырып…

—Элге кызык эмеспи, дароо эле саясат тууралуу кеп кылалы. Эки дос: Атамбаев менен Жээнбеков тууралуу эмне айтасыз? Чындап эле экөө элдешкис душманга айланыштыбы? Мындан ары кандай болушу мүмкүн?

—Баарын майдалап чечмелеп олтурбайын. Бирок бул маселеде эл түшүнүп жаткан жана анчалык түшүнбөй жаткан да маселе бар. Элибиз азыр деле туӊгуюкка кабылып тургандай. Буга чейин мен мурунку жана азыркы президент тууралуу айткандарым бар эле. Бирок бири да кандай болом, кызматтан кантип кетем деп сурашкан эмес. Пенде экенбиз да. Мен ушуга таӊ калам да. Негизи эле адамдар качан өлөм деп сурабаса керек.

Мен азыр айтат элем, Атамбаев катуу жаӊылган болсо, Жээнбеков андан да катуу жаӊылды. Жакында эле көрдүк, бир жыл, эки жыл ичинде. Экөө бир жипке байланган. Жаман болобу, жакшы болобу, экөө бир жипте. Бирөөсү бирөөсүн хан кылып алып келди. Жээнбеков жаман болсо, Атамбаев жооп берет. Жээнбеков өзүн хан кылган досун сатып кеткендей болду. Бул менин жеке оюм эмес, тарыхта боло турган нерсе. Бул экөө элдеше да берет, кармаша да берет. Ортодо экөөнү чабыштыралы деген ниети бузуктар бар. Алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле уят болуп калышат. Атамбаев камалбайт, мен анын келечегинен түрмө көргөн жокмун. Тарых баарын өзүн ордуна коёт. Мен Атамбаевди ууру кылды, же ууру кылган жокмун деп айткан жокмун да. Баарын тарых менен мезгил тастыктайт.

—Эмки шайлоо маселеси кандай болот?

—Эмки шайлоодо эл Атамбаевге да, Жээнбековго да, башкаларга да добуш бербейт. Добуш ачыктан-ачык сатылат. Эӊ жаманы ушул болуп калды. Анткени элде ишеним жок. Соодалашат да, добушун сатып жиберет. Мурун элдин жарымы бийликке мындай ишенип добуш берсе, жарымы сатылып добуш берген. Эми ишенип берген добуштар болбойт. Болсо да өтө аз болоор. Атамбаев убагында жакшыбы, жаманбы элдин ишенимин алды эле да.  Мына азыр ошону жоготуп алышты да.

—Кайтарууга мүмкүн эмес да…

Ал ишенимди азыркы Жээнбековдун учурунда кайтара алышпайт. Ага Жээнбековдун даремети жетпейт. Ал үчүн тарыхый чоӊ лидер болуш керек да. Мен Сооронбай байкени экиге бөлүп карайм. Адам катары абдан жакшы, таза адам. Бирок ал дагы мамлекет үчүн чоӊ жоопкерчилик алды да. Бул жерде менин шегим бар. “Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей болуп атабыз да.

Кудайдын назары түшкөн гана адам падыша болот деп коёт го. Ошондой адам, анан сиз айткандай жакшы адамдан жакшы президент чыкпайбы? Жакшы адам жамандыкка барбайт го…

—Кандай десем, президент образдуу айтканда адам эмес, улуттун символу болушу керек. Президент – бул улуттун атасы, элдин тагдыры! Бирок биздин президент биз каалаганды кыла албайт. Эл эмнени каалап жатат? Күчтүү лидерди, күчтүү президентти, экономикасы күчтүү мамлекетти, туруктуулукту, коопсуз өлкөнү, туурабы? Ал үчүн экономикалык-стратегиялык ачылыштар жасалышы керек. Жээнбеков ушул командасын менен ошондой ачылыштарды  жасай алат деп ишенсек болобу? Биздин элдин “эшегине жараша тушагы” болуп жатпайбы. Биздин эл Хан таламай элбиз. Аты эле айтып турат, жада калса оюнубуз да Хан таламай. Хан таламай деген жерде көп нерсе бар. Хандын байлыгын талап кетет, ханды тебелеп өлтүрүү  ж.б. Муну унутпашыбыз керек. Биз  башынан ханды урматтаган эл эмеспиз. Бул биз үчүн трагедия. Илгертен эле ушундай. Манас атабыз үчүн жети хан согуш ачтырган да. Сагымбайдын, Саякбайдын айтуусунда “Жети хандын” чатагы деген бөлүгү бар. Бээжинге согуш ачып жиберишип, Манас атабыз акыры ошол жактан өлөт. Үй-бүлөсүн Абыке, Көбөш деген туугандары талап-тоноп, кордойт. Манастагы ушул окуя биздин чоӊ саясатта кайталана берет. Бул көрүнүш биздин элдин тагдырына жазылган окшойт. Кайсы президент болбосун, аягы жакшы менен бүтүшү кыйын. Себеби, акты кара, караны ак кылып салып жиберген жагдайларыбыз бар да.

—Жээнбековдун азыркы баштаган саясатын эле колдоп жатпайбы. Кадыр маселеси анча колдоого алынбаса да, коррупцияга каршы күрөшү колдоого алынып жатпайбы. Бул аракеттен майнап чыгабы?

—Эл унута элек. Атамбаев деле коррупцияга каршы күрөш баштаган. Бирок ал күрөштү көп өтпөй каршылаштары  саясый күрөш деп баалашкан. Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракети менен өзүн жарга такап салды да. Коррупцияга шектүүлөрдү камай берсе, ар кандай болушу мүмкүн. Саясат деп чыгышат.  Өзүнүн душманы да көбөйт. Бирок колунан келсе, камасын. Камабай койсо, бүттү. Сатылып кетти дейбиз. Падыша деген караӊгыда көз тапкан киши болушу керек. Мына падышада ушундай сапат, ушундай керемет касиет, ушундай өзгөчөлүк болушу зарыл. Биздин президентте мындай асыл сапат барбы, жокпу, аны өзүӊөр таразалап көргүлө. Жээнбековду мен көрүп турам, жан дүйнөсүндө абдан кыйналып жатат. Биринчиден, элдин жоопкерчилиги. Экинчиден, ал өзү президент болом деп ойлогон, кыялданган да, ал тургай даярданган да эмес. Өзү ойлобогондой эле чукул болуп кетти. Тагдыр экен, президент  болуп калды. Ал эми Атамбаев көп жыл оппозицияда жүрүп, президенттикке жаманбы-жакшыбы даярданган. Жаманбы-жакшыбы, элге кызмат кылды. Эми анын эмгегине тарых өз баасын берет.  Мен жашыраак Атамбаев тууралуу  Шайлообек Дүйшеевге маек бергенимде минтип айтыптырмын:  “Жүрө, жүрө айланып, өзүмчүлдүккө айланып, кайра келбейт шайланып”-деп. Атамбаев аны окуган болчу, бирок кандай ойдо калганын билбейм. Мен ошондо бир эле мөөнөт болоорун, өзүмчүл болуп кетээрин айткам да. Анын бийлиги кандай болду, баарыбыз көрдүк. Жээнбековдун бийлиги кандай болорун, эмне менен бүтөөрүн деле билем.

—Ачык айтасызбы?

—Кийин айтайын. Азыр айтсам, ар ким ар кандай кабылдап, интрига кылып, андан да саясат жасап жиберишет. Мен Сооронбай байке менен узак жылдардан бери таанышмын. Мени ал “үкө дос”- деп койчу. Атамбаевдин кыялы оорураак. Мен аны эки периштеси менен көрүп турат элем. Бирөөсүндө өзүн башкара албай, буроосунан чыгып кетип, ушинтип турат эле. Бирок анын аркасында жамандык жок эле. Бийликте турганда көп эле жакшы иштерди жасап кетти. Күчтүү лидер десе болот. Адам катары Сооронбай байке жакшы. Ичинде кири жок, ишенчээк таза адам. Ал эми лидер катары Атамбаев күчтүү, ага теӊ келе албайт. Ушундан деле чечмелесеӊер болот.

—Атамбаев адам катары Жээнбековго, Жээнбеков лидер катары Атамбаевге теӊ келе албайт дегенди айтып жатасыз да, туурабы?

—Менин айтканымды ар ким ар кандай кабылдашы мүмкүн. Бирок буларды жөн жерден эле айтып жатканым жок. Маселен, Атамбаевге кирип чыгарда ойлоносуӊ, “дагы эмнени айтат, урушабы”- деп. Ал Эми Жээнбековго жакшы кирип, жакшы сүйлөшүп чыгасыӊ, бир тууганыӊ менен сүйлөшкөндөй. Кыскасы, экөө теӊ жакшы адам. Бирок мен бир аз табышмактатып, сыр катып турам, аны өзүӊөр жандыргыла.

—Сиз Атамбаевдин президент болоорун айткансыз, ал эми Жээнбековдун президент болоорун айттыӊыз беле? Балким мындай тар чөйрөдө айткандырсыз?

—Айткам. Ал кепти айтканда, Сооронбай байке өзү, Жалал-Абаддын азыркы губернатору, Осмонбек Артыкбаев, Сарсейитов деген депутат. Баарыбыз Артыкбаевдин Чычкандагы боз үйүндө чай ичип олтурат эле. Сооронбай байке, ал кезде өкмөт башчы болуп турган. Ал киши өзү сөз баштап калды. “Мелис, менин президент болоорумду айткан”- деп. Мен: “Сизди эмес, Шарип атанын балдарынын бири болот”- деп айткам. Сооронбай байке: “Бирок, айткансыӊ да болот” – деп калды. Мен: “Мен Жусуп аке болобу деп айттым эле”- деп тамашага салдым. Анда Сооронбай байке сурап калды: “Шайлоо кандай болот?” – деп. Мен ошондо Манастын китебин төлгө кылып ачып карадым эле. Ачсам, Манастын хан көтөргөн бөлүгү чыкты. Сооронбай байкеге: “Падышалыкка бир тур менен өтөсүз” – дегем.

Шайлоого жакындап калганда кезде Жээнбековдун президент болоору көпчүлүккө маалым болуп калган да. Ошол кезде айттыӊыз беле?

—Жок. Мен Сооронбай байке менен жыйырма жылдан бери жакшы таанышмын. “Шарип акенин балдарынын бири президент болот” – деген сөздү көп жыл мурун айткам. Атасы Шарип аке кыдыр даарыган адам болгон. Тукумунан падыша чыгарын билгем десем болот. Бирок Жээнбеков Атамбаеви жок мамлекетти жакшы башкара албайт. Мунун да сырлары да бар…

(Уландысы бар)

Маектешкен: Мирбек Эсенгулов

 Булак: Багыт

 



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *