Өмүркул уулун өктөм менен дайындаткан Кожоке болчу

ЖЭБди оңдоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар келишим Жогорку Кеңештин Отун энергетика комитети аркылуу өткөн. Ал комитетти ошол кезде да депутат болуп турган Кожобек Рыспаев энергетика тармагын өзү каалагандай калчап, өзүнчө эле “энерго баронго” айланганы элге маалым.  Кожоке азыр абакта жаткан Калиевге корс мүнөзүн көрсөтүп жатып, өктөмдүк менен Нурлан Өмүркул уулун ЖЭБке жетекчи кылып дайындаткан. Бирок  эми Кожокең адатагыдай бул жерде да ала салып оюн көргөзүп, Өмүркул уулун  тааныбайм  дегендей кылып, так секирип чыкты. Бет дегени бет болбой эле бетон болуп калган Кожокең да акыркы учурда абак артына кетип каламбы деп көчүгү бүлкүлдөп жүргөн кези. Бирок Кожокең эл тараптан да, эч ким тараптан колдоо таппай калды көрүнөт.

Булак: Багыт



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *