«Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болуп, бийлик алмашып кетсе, кайра бийлик тийип калабы деп үмүттөнүп жүргөнбү же ошол жашап жүргөн жерге «катуу кызмат» кылууга сөз берип койгонбу, айтор  Кыргызстандын Азербайжандагы  мурдагы элчиси Айжигит Буранов тышкы саясаттагы эки жыл мурун өткөн окуяны «эксперт» достору аркылуу козготуп, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди  жаман аттуу кылуу айласын кылып жатканын байкадык.

Аны өзүнүн фейсбуктагы баракчасында, кимдир бирөөгө кесенип жазганы мындан да кабар берет.

 

Баса, ошол баракчасын карасаң, Азербайжандагы Элчилик жумуштан кеткенине 2 жыл болуп калса да, ошол жакта ак сөөктөрдүн «тусовкаларына» катышып,  жер кыдырып, жай баракат эс алып жүргөнүн көрсөк болот. Муну көрүп эки жылдан бери бул жумушсуз жүргөн экс-элчи кайсы каражатына жан багып жүрөт деген  аргасыз ой келет. Баса, бул Бурановдун өмүр баянына көз салсак, бул өмүрү Кыргызстанда жашаган эмес экен. Кыргызстандын Индиядагы, Германиядагы, Орусиядагы кыргыз элчиликтерине 4-5 жылдан  үзгүлтүксүз иштеп, акыры барып,  Азербайжанга Кыргыз мамлекетинин атынан Элчи болуп,20-30 жылдап сыртта жүргөн адам, эмнеге бүгүн кыргыз саясатына кийлигишип жатат. Балким Кыргыз мамлекетине ою түз эместир, ким билет…  Балким, Азербайжандын кызыкчылыгын коргоп  жүргөңдүр?

Айдана Курманбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here