БШК атагынан чатагы арбын Клара Кабиловага депутаттык мандатты берип салды. Кабилова эми ЖКга Салянованын ордуна депутат болуп калды. Эске сала кетсек, Кабилова 2007-жылы Бакиевдер коркутуп жатат деп Москвага кире качып, ошол жакта туруктуу жашап, жарандыгын алып алган. Ал тургай ал ошол жылдары анын Москвада мамлекеттик кызматта иштегени тууралуу да маалыматтар  чыккан. Албетте, орус жарандыгын алмайынча мамкызматта иштей албасы түшүнүктүү. БШК Кабилованын жарандыгы боюнча маселени көпкө текшерди. Бирок акыры минтип берип салды. Кыязы, Клара Самат деп атын өзгөртүп алган Кабилова БШК менен, Москвадагылар менен абдан жакшы сүйлөшүп алса керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here