Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетине аталган окуу жайдын негиздөөчүсү, туңгуч ректору жана президенти Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева баштаган топ, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөдөн кеген коноктор жана Кантөрө Токтомаматовдун жакындары, санаалаштары катышты.

Иш-чарада алгач окуу жайда тургузулган К.Токтомаматовдун эстелигинин ачылышы болду.

Иш-чаранын катышуучулары Кантөрө Токтомаматовдун окуу жайда кылган иштери жана ийгиликтери чагылдырылган көргөзмөгө күбө болушту. Андан соң, жыйындар залында ага арналган тарыхый тасма көрсөтүлүп, келген коноктор куттуктоолорун айтышып, белектерин тапшырышты.

Эл аралык университет адегенде Жалал-Абад коммерциялык институту деп аталып, 2005-жылдан баштап Экономика жана ишкердик университети, 2017-жылдан баштап Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети атында иш жүргүзөт. Эл аралык университетте учурда 5 миң студент жана 17 мамлекеттен келген ар улуттун өкүлдөрү окуйт.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here