Белгилүү ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Айбек Саралаевди  парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко “Маданиятка жана искусствону өнүктүрүүгө” сиңирген эмгеги үчүн деп аталган төш белги менен сыйлады.

Сыйлык ээсин тааптыр. Себеби, Айбек мырза, Жогорку Кеңеш менен да тыгыз кызматташып, депутаттар каникулга кетип жана келген учурда (жаңы сессиянын ачылышында) КРнын гимнин көп жылдан бери татыктуу аткарып келет. Андан башка деле, Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 20 жылга жакын убакыттан бери тынымсыз эмгектенип келет. “Тишиӊ барда таш чайна” – дегендей, Айбек мырза жаш кезиңде мындан да чоң-чоң ийгиликтерди жарата бер. Элиңдин сыймыгы болуп, артыңа алтын из калтыр!

 

Фото Ромы Бактыбекова.

Фото Ромы Бактыбекова.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here