Сүйүнчү! Жээнбеков Манас Арабаев кызматтан алды. Эми жоопко тартылсын!

Прездиент  Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев кызматынан бошотту.  “Соттордун Кудайы” катары сезип алган Манас мырза, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кызматтан алынды. Бул берене боюнча «саясий жетекчиликтин ишенимин жоготуу» деп түшүнсө болот экен.
Арабаевдин айтса түгөнбөс былыгы арбын. Коррупциялык иштери, сотторго жасаган кысымдары, эбегейсиз байыганы  тууралуу көп айтылып, көп жазылды. Президент мамлекетте мыйзам болсун десе, сот тармагы реформалансын десе, анда Арабаевге окшогондорду жөн гана кызматтан алып коюп тим болбой,  жоопко да тартышы керек. Анткени, Арабаевдин мыйзамсыз, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген иштери баарына маалым

 



Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *