Тээтиги келинди көрдүңөрбү… Кош бойлуу экен. Бул ирмем “Алкан” базарын аралай баратканымда фотоаппаратыма илинди. Куушурулган контейнерлер ортосунда күнү кечке соода эмес эле, согуш болгондой. Чаң жутуп, түкүрүк кечип түйүлдүк баккан ушул келин бүтүн базардын түркүгүндөй сезилди мага. Курсагындагысы эркекпи, кызбы, эгизби, жалкыбы билбейм, бирок, кыргыз экени анык. Күйөөсү барбы, жокпу, батирде жашайбы, чатырда уктайбы анысын да билбейм, бирок, анагы аялзаты кыргыз экени такма-так. Үч-төрт аптадан соң эне болчу, кыргыздын тукумун улачу келинге таштанды ташытып, чий шыпыргы карматкан коомдун эркеги болгонум үчүн “кепкемди баса кийип” уялдым. Уялганда не? Чуркап барып колунан шыпыргысын ала калып шыпырып, же чөнтөгүмөн беш жүз сом сууруп бере калмак белем, көзүмдү ала качып, жүзүмдү жула качып…


Кароосуз калып жыртылган жолдорубуздай болгон бозала тагдырлар абдан көп. Ага жараша ал тагдырларды асфальт баскан техникадай таптап турган, “уялчаак” депутаттын тили менен айтканда “жегичтер, ичкичтер” андан көп. Көп!
Пиранья балыгындай үйүр-үйүр жегичтер… Жегичтердин көптүгүн, тамыры терең жайылып кеткенин ТЭЦ чуусу айкындады. “Клансыз бийликтин” жүз миңдеген шаардыктар жылынып отурган очокко сийгенин көрдүк. Коломто – кут делинет, коломтонун маанисин кыргыздан артык ким билет десең. Ызгаар суукта кыргызың “төшөккө” эмес — пейилге, “стакан чайга” эмес — жылуу сөзгө жылынарын “гарварддык акылдуулар” түшүнбөсүн түшүндүк. Анысы ал болду эле, эми, үйүр-тобу менен Парламенттин төрүн ээлеп алышып, трибунага аттишин көтөрүп чыгып, жумурай журттун башын “мүлжүй” башташты, пираньялар!..
О.Артыкбаев колтугундагы коллегасынан “тергөөчү” жасай калып, ага “апакай” жооп айтып суудан кургак чыгып атат. Ж.Сатыбалдиев болсо, баштан-аяк бейкүнөө периште экен. Атамбаевдин дарбазасына тебилген топту маймылдай тосуп С.Исаков турат. Шадиеви шалпактап качып жүрөт. “Ууру табылбаса, тариф аркылуу эл төлөйт”, — деп элди темир жолдун шпалы, өзүн рельс элестетип И.Өмүркулов дегени дыңкыят… Колумда бийлик болгондо, эзилип убакыт созбостон, ушулардын эки бутун бир кончуна тыгып, укум-тукумуна, жек-жаатына, шоопур-моопур шестёркаларына чейин кулагына тургузат элем, таңгөрү!
Биринин артына экөө, экөөнүн артына төртөө жашынып, арасына “кызылы” кыпчылып, “карасы” чапталып, айтор, жегичтерибиз түрукмуштай тетири пирамида тургузушту. Эми бул таманы көк караган пирамиданын жердеги башына укурук илинсе эле… калганы “күп” эте күбүлчүдөй. Албетте, “кол тийбестик” деген коко тикенди кыя чаап… Аргасыз сөз.
Элдин кыбыр эткен эсеби экономикада. А экономикабыз уурулардын колунда. А уурулар… кыргыз… Кыргызды кыргыз тоноп, кыргызды кыргыз алдагандан өткөн кыямат жок!
Улут – намысы менен улут! Уятың жок болсо, улут болуштун кажети канча?

Азмат  Кыязов, журналист

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here