Экс-президент А. Атамбаевдин маалыматтык саясатын жүргүзүп аткан интернет сайттардын бири «Жээнбековдордун канча гектар жери бар?» деген темада макаласын жарыялап, анда Бишкек мэри Албек Ибраимовду актоо аракетин жасаган. «Акыркы кездери Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду каралоону көздөгөндөр анын менчигиндеги жер тилкелеринен кеп салып келишет. Чынында ал киши 2015-жылдагы декларацияда 13 жер тилкеси бар экенин көрсөткөн», — деп жазат автор.

Албетте, А. Ибраимов өз декларациясында жер тилкелерин көрсөткөн, бирок толук түрдө эмес. Экинчиден, ошол жер тилкелери А. Ибраимовдо заматта эле пайда болуп калганы да табышмактуу болуп жатпайбы?

Эптеп Албек мырзаны актоо үчүн макаланын автору президент С. Жээнбеков жана анын бир туугандарына тиешелүү жер тилкелерин айтат. «Алсак, президент өз декларациясында 48,04 гектар жерге, ал эми туугандары 10 гектарга ээлик кылаары көрсөтүлгөн. Мына, Жээнбековдордун үй-бүлөсү эле 60 гектарга жакын аянтты басып отурушат», — деп айтылат анда.

Биринчиден, президент жана анын туугандарына катталган жер тилкелери 2010-жылдан кийин эле пайда боло калган жер эмес. Президент С. Жээнбеков К. Бакиевдин маалында мамлекеттик кызматтарга тартылбай, бош жүрүп калган мезгилинде жер иштетүү, мал чарбачылыгы менен алектенгенин өзү айтып берген. Андыктан жогоруда айтылган жерлердин баары айыл-чарба багытындагы жерлер. Ал жерлерге көп кабаттуу имараттар курулган эмес.

Ал эми Албек Ибраимовдун маселеси таптакыр башка болууда. Анын 2016-жылдын 31-декабрына карата кирешеси боюнча толтурган декларациясында иштеген жеринен 735 миң 723 сом тапканы көрсөтүлөт. Андан тышкары мэр айыл чарба продукциясын сатуудан 3,5 млн сом тапканын белгилейт. Декларациясы боюнча анын үйү да, машинеси да жок.

Ал эми 2015-жылдагы декларациясы боюнча да үйү да, машинеси да жок. Бирок, 13 жер тилкесине ээ экенин көрсөткөн. Ал эми кийинки жылы толтурган декларациясында бул жер тилкелери анын туугандарынын менчиги болуп көрсөтүлүп калган. Анын жакын тууганы ал жылы 10 млн сом тапканы көрсөтүлгөн. Мэрдин туугандарына ЖЧК жана 2014-жылы чыгарылган Toyota RAV4 автоунаасы бар экени жазылган.  

Декларациясы боюнчм мына ушулар эле. Бирок, мындан тышкары А. Ибраимовго тиешелүү ишканалар, турак-жайлар жана автоунаалар бар экенин коомчулуктан жашыруу кыйын. Мисалы, TM-ORLAN & Group компаниясынын ээси анын аялы Айнура Ибраимовага таандык болгон. Анан бул компания декларациясында көрсөтүлбөй калганын ММК булактары жаза баштаганда, 2016-жылдын 14-октябрында аны кайра каттоодон өткөзүп, негиздөөчүсү Бекбол Батырбеков болуп калган. Бүгүнкү күндө компанияны Арсан Абдыкалыков башкарат. Компаниянын ээси алмашканына карабай, анын юридикалык дареги мурдагы боюнча эле калган – Элебаев көчөсү №32 дарегинде. Айнура Ибраимова компаниянын негиздөөчүсү болуп турганда бекеринен бул дарекке катталбаган болушу керек, себеби Айнура айым өзү дагы ушул дарек боюнча катталган болчу. Демек, ал үйгө Ибраимованын тиешеси жок болсо, кантип ага каттоого турмак эле? Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча бул компания узакка колдонуучу товарларды дүңүнөн сатат. Документте ишкана Чолпон-Атада жайгашкан заправкада жайгашып жана авиациялык жана автоунаалык майларды дүңүнөн сатуу менен алектенери жазылган.   

Мэрдин үй-бүлөсүнө таандык дагы бир «Эрса» ЖЧКсы бар. Анын эки негиздөөчүсү — Сапар Шайдиев жана Албек Ибраимов өзү бар. Юстиция министрлигинин базасында Албек Ибраимова ишкананын жетекчиси болуп көрсөтүлгөн. Ишкана Чоң-Арык, Семетей-1 дарегинде жайгашкан. Кызыгы, Албек Ибраимов өзү дагы дал ушул дарек боюнча катталган.

Дагы бир ишкана «А плюс К» ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы «Деңиз» пансионатында катталган. Ал туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүкөрсөтөт деп жазылган. Бул компаниянын негиздөөчүлөрү мэрдин жубайы Айнура Ибраимова жана ЖК депутаты И. Пирматовдун жубайы Ольга Атогурова болуп саналат. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча бул компания авиациялык жана автоунаалык майларды сатат жана заправкаларды ижарага берет. Кийинчерээк бул компаниянын ээси Абдыразак Айталиев болуп калган. Бирок, мурдагыдай эле мэр менен депутаттын үй-бүлөлүк кирешесин камсыз кылып келет.

А. Ибраимов декларациясында үйү жок «кедей» болгону менен реалдуулукта андай эмес. Анын уулу Эрулан Ибраимовго катталган Чоң-Арык айылындагы Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү №77 дарегиндеги үйү бар. Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтындагы маалымат боюнча А. Ибраимовдун өзүнө Чүй облусу, Аламүдүн району, Кошокбек көчөсү №78 дарегинде үй катталган. Бирок, ал үй турак-жай катары эмес, сарай катары жазылып калган.

Ошол үйдүн жанында 30 гектарга чукул жер тилкеси бар. Ал жер тилкесинин ичинде бүгүнкү күндө вип-шаарча курулууда. Ал жерде жашаган тургундар да бул 30 гектар жердин Бишкек мэрине тиешелүү экенин билишет. Мындан тышкары анын жакын туугандарына 100 гектардын тегерегинде жер тилкелери катталган. Баарынан кызыгы мына ушул жер тилкелерине ал КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда ээлик кылып калган.

Мындан тышкары экс-президент А. Атамбаевге Кой-Таштан 2,7 гектар жер тилкесин сатканын билебиз. Муну Атамбаев өзү айткан.

Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин айтымында А. Ибраимов «Мерседес», «Гелендваген», «Тойота Ленд Крузер-200, «Лексус-570» үлгүлөрүндөгүавтомашинелерди алмаштырып жүрөт. Декларациясында болсо, «москвичи» да жок.

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга таянсак, А. Ибраимовдун эки кызы жана бир уулу Silk Road деп аталган жеке мектепте билим алышат. Бул мектепте бир жылдык акы 5600 долларды түзөт.

Эми өзүңүз эле анализдей бериңиз, А. Ибраимовдун жашырган байлыгы, мүлктөрү канча экен? Мына ушунун көпчүлүгүнө ал 2010-жылдан кийин ээлик кылып калган. 6 жылда эле мамлекеттик кызматтарда туруп, ушунча байлык топтоого мүмкүнбүУшуга эле улай АШАнын маалыматчысы Ф. Ниязовдун 40 гектар жерге кече жакында эле ээлик кылып калганын (3-4 жыл мурун) кошумчалай кетели. Эмнеге Атамбаев буларга көңүл бурган эмес. Чыныгы талоончулар ушулар болуп атпайбы.  

 Булак:  “УЧУР”

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here