Москвада баш кошкон кыргызстандык түгөйлөр үлпөт тоюндагы кортежге тик учак менен чыгышканын ал тойду тасмага тарткан Нургазы Чыныбеков өзүнүн инстаграм баракчасына жайгаштырган  Нургазы бул тууралуу: » Чыңгыз деген жигит Бегимай аттуу кызга үйлөнүп, биз тоюн тартып бердик. Үйдөн дос-курбулары менен эки лимузин менен жөнөшкөн. Анан аэродромго барып, эки жаш тик учакка отуруп, абада айланып шаарды көрүп келишти. Анан кайра лимузиндер менен ресторанга бардык«, — деп sputnik.kg ге айтып берген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here