Соцсет баракчасына өзүнө улам жазып, тийишкен белгисиз жигитти Хлое Лукас аттуу жаш кыз элдин баарына жага тургандай жооп менен качырган. Жигит кызга  Хлое же Хло деп кайрылайынбы деп сураган. Кыз ага: «Менин досторум мени герцог Йоркс деп аташат. Анткени, жалпысынан менин 10 миӊ ойношум болгон«- деп тамаша иретинде жооп берген. Бирок жигит анын сөзүн чын көрүп, ал кызды аягы суюк, жиӊил ойлуу кыз деп атап, жазганды дароо токтоткон. Кыз ал жигит менен жазышканын Твиттерге скриншоттоп жайгаштырган. Анын бул «постту» кыска убакыттын ичинде катуу талкууга түшкөн. Так айтканда, кызды колдоп, лайк баскандардын саны 120 миӊге,  ал эми  20 миӊ бөлүшүүгө жеткен. Ал тамашаны түшүнбөгөн жигиттке сындар көп айтылган.
Эми окурмандарга герцог Йоркск туралуу кыскача. Бул Англия мамлекетиндеги  балдардын атактуу ыры. Ырда герцог Йоркскдин 10 миӊ жоокери бар экени, ал жоокерлерди улам кыйнап тоого чыгарып, кайра түшүргөндү жакшы көрөрү айтылат. Блогерша Хлое мына ушул ыр дагы каарман герцогду эске алып, 10 миӊ жоокерди, 10 миӊ ойнош деп тамаша иретинде айткан.

 

Изат Имакеева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here