Төлгөсү төп келген, Темир Жумакадыровдун, Ислам  Каримовдун каза болоорун алдын ала айткан Света Тойгонбаева менен азын оолак баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

“Келечекту улуу муундагылар саясаттан сүрүлүп, жаштар кызматка келет”

Азыр көптөр өкмөт биз күткөндөй түзүлбөй калды деп капа болушуп жатат. Шашып, туура эмес жыйынтык чыгарып албагыла. Бул иштин башы эле. Келечекте улуу муундагылар саясаттан сүрүлүп чыгып, мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгүн жаштар ээлейт. Президенттин иниси буюрса, мына ошол жаштарды саясаттын чордонуна  алып келүүгө кол кабыш кылат. Буюрса, ал жетектеген партия мамлекетте маселе чечкен негизги партияга айланат. КСДПнын күнү бүтүп, жок болуп, өлүү партияга айланат.

“Президент мазарларга маани берсе, зоболосу көтөрүлөт”

Президент элдик киши болом, элиме каршы иш кылбайм десе, ыйык жерлерди, атат-бабабыз сыйынган мазарларды  көтөрүшү керек. Мазарларга маани берип, алардын оңдоп, түзөө иштерине кол кабыш кылса, зоболосу бийиктейт. Орто Азия жана эл аралык аренада абройлуу президенттерден болот. Эгер мазарларга көңүл бурбаса, анын кепетин тартат. Башкача айтканда,  күтүлбөгөн, опурталдуу  жагдайларга туш болуп калат.

Ошентсе да, Сооронбай Жээнбеков адилеттүүлүк орнотууга аракет кылат. Камалып. Кылмыш иши козголуп, саясый буйруктун айынан азап тартып жаткандарга араачы түшөт. Көп кылмыш иштер токтоп, токтотулган кылмыш иштердин көбү жанданат. Сот системасында дагы алмашуу көп болот.

Булак: Майдан

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here