Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Бүгүн, 16-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыктын Улан Чалбаев аттуу жетекчисин 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ал ишти бүтүрүү үчүн жалпысынан 500 миӊ доллар сурагандыгы айтылат.
Учурда аталган факт боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *