Бүгүн, Алмазбек Атамбаев менен КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусуна катышкан депутат Рыскелди Момбеков  «Азаттыкка» Фарид Ниязов партиялык ишмердигин токтотоорун билдирген эле.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катчылыгы депутат Рыскелди Момбековдун бүгүнкү билдирүүсүнө тактоо киргизди.

Партиянын берген маалыматына ылайык, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ниязов партиянын төрага орун басарлыгынан кетээри жөнүндө гана айткан. Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет деп билдирди партиянын катчылыгы.

 

Ал  эми бүгүнкү жолугушууга 19 депутат катышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here