Бул  жол кырсыгы эки күн мурун Бишкектин Чүй көчөсүндө болгон. Караӊгыда катуу келаткан Toyota Camry унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бараткан кызды сүзгөн. Кыз катуу күү менен бир нече метрге ыргып кеткен. Ал тез жардам кызматы  келгенче эле алган жаратынан улам каза таап калган. Маркум   17 жашта экендиги аныкталган.

Кырсык, таӊкы 5ке жакын Тоголок-Молдо Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күнөөлүү айдоочу камакка алынды. Акыркы маалыматтарда кызды сүзгөн жаш жигит Нурбай Касымбаевдин Нурбек деген 26 жаштагы баласы экени аныкталды. Аны текшергенде ичкилик ичип алганы айтылат. Эске сала кетсек, Нурбай Касымбаев Мелис Турганбаев ИИМди  жетектеп турганда анын орун басары болуп иштеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here