Генерал Болот Сүйүмбаев Финполдун жетекчиси болуп дайындалды

Өкмөт башчы Сапар Исаков генерал Болот Сүйүмбаевди  Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын башчылыгына дайындалганы маалым болду. Болот Сүйүмбаев Атамбаевдин ишенген кадрларынын бири катары элге маалым.  20 жыл мурун Атамбаевге жан сакчы болуп иштеп баштаган.  Ал буга чейин УКМК жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Аны Жээнбеков жакында эле Абдил Сегизбаев менен бирге кызматтан бошоткон болчу.  Эске сала кетсек, Сүйүмбаев 1968-1978-жылдары Совет министри (азыркыча премьер — министр) болуп иштеген Акматбек Сүйүмбаевдин небереси.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын Аскар Шадиевдин көздөй кадры Замир Осмонов жетектеп келген. Аны Шадиев Салык кызматын жетектеп турган кезде, Атамбаевди көндүрүп дайындаткан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *