Учурда КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү жашаган резиденциядагы «офисте» өз партиясынан шайланган ЖК депутаттары менен жолугуп жатат. Бул маалымат расмий такталды. Айрым маалыматтарда күн тартибинде эки маселе турары, анын биринчиси Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн отчетун кабыл алуу, экинчиси Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу деп айтылууда. Албетте мындан башка деле биз билбеген маселелер айтылат. Кыскасы, АШАнын  депутаттарды кабыл алуусу саясатта, бийликте таасирин сактап калуу, колдон келсе күчөтүү деп түшүнсө болот. Анткени, КСДПдагы 37 депутат мурункудай бир команда болбой калганы ачыкка чыккан. Эки жээкте…

Барган сайын Жээнбековдор тарапка ооп жаткан депутаттар көбөйүп жатканы байкалгандай. Себеби, КСДПдан, Атамбаевден акыркы учурларда оомат качып баратканын эл менен бирге депутаттар деле жакшы түшүнүп турат. Андыктан, бүгүн Атамбаев өзү жакшылык кылган депутаттарын адаттагыдай тилдейт, урушат, кылган жакшылыгын айтат. Айрым депутаттарга жекече маселедеги мамилени да айтып, жакшылыкты эсине салышы толук мүмкүн. Анан ынтымакка чакырып, өзүн да мактап, аны менен бирге саясататгы бир топ адамдарды сынга аларын болголоп билсек болот. Анткени «кыздын сыры төркунгө маалым» дегендей  мунун баары Атамбаевдин саясатына, кулк-мүнөзүнө туура келет.

Резиденциядагы жолугушуу жашыруун өтөт. Бирок ал жердеги кептердин көбү бүгүн эле ачыкка чыгат. Эл угат. Анын жыйынтыгынан улам Атамбаевдин аброюна дагы да шек кетет. Айтор, саясаттагы мындай аракеттер кадыр-барк алып келбейт. Бирок саясат деген ушундай. Бийликти мыкчып олтуруп, мансаптан айрылган соӊ, тынч олтуруп  калган адамдар өтө аз. АША болсо андайлардын катарына кирбейт. Тескерисинче, өзүн дагы эле президент сезип, президенттик эйфориядан чыга албай жатканы ачык эле көрүнүп турат.

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here