Мындай мыйзам биздин коомго керек эле. Азыр окуучулардын мектепте башка учурду кой сабак учурунда деле телефон чуклуп, ага берилип олтурган учурлары көп. Анын кесепетинен билимдин эмес, смартфондукн кулу болуп жатышат. Ал эми секелек кыздардын ичинен  «ачык-чачык», сексуалдуу кийингендери да аз эмес. Бул ыймандан, биздин элдин улуттук кадаа-салтынан такыр жат нерсе болушу керек эле. Бирок андай болбой баратканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеӊештеги социалдык саясат жана билим берүү комитети окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карай турганы маалым болду.  Токтом долбоорунун автору РАЖ фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова экен. Бул мыйзам долбоору мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын сактоо менен билим алуусун жакшыртууга багытталат. . Алардын белгилөөсү боюнча смартфондор аркылуу балдар интернеттеги терс таасири көп дүйнөгө азгырылып жатышат, алар телефондорун мектепте сабакка көңүл бурбай колдонгон учурлар көп катталууда. Ушундан улам, окуучулардын мектеп аймагында телефондорду колдонууга тыюу салууну сунуштап жатышат. Бул токтом долбор менен бирге окуучу кыздардын мектепке ачык кийим кийип келбөө маселеси да каралмакчы. Бир сөз менен айтканда эки маселе теӊ колдоого татыйт.

Изат Имакеева

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here