Буга чейин Түркияда жүрүп, бузулуп кеткен кыргыз кыздары тууралуу көп жаздык. Дагы да жаза бермекчибиз. Анткени алар кыргыз болуп туруп, кыргыз улутунун намысына, абийирине шек келтирип жаткан соӊ, эмнеге жазбашыбыз керек. «Кызаг кырк үйдөн тыюу» деген асыл кебибиз иш жүзүндө көрүнбөй калды.

Ал эми бул тасмадагы жигиттин аты Кадыр. Түркияда жашаган Вандык кыргыздардан болот. Ал өзүнүн соц баракчасы аркылуу жалпы кыргыз элине кайрылуу жасаган. Кадыр мырза, Түркияга иштемекчи болуп барган кыргыз кыздарынын бузулуп, ар кайсы түрк менен солду көздөй басып, жаман жолдо жүрүшкөнүн өз көзү менен көрүп, зээни кейип, атуулдук парызын аткарып, болгон чындыкты айтып, берегиндей кайрылуу кылган. Чындыкты айтып, ачык чыккан үчүн, аны Азамат дешибиз керек. «Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат» демекчи мындай көкүрөктү ооруткан, көӊүлдү иренжиткен көгөйлөрдү ачык айтып, ага карата алгылыктуу чара көрбөсөк болбой калды. Бийлик, Жогорку Кеӊеш  дагы сыртка жумуш издеп кетип жаткан кыздардын жаш курагын чектеп, атайын мыйзам кабыл алышы зарыл болуп турат. Бу мезгилдин, элдин талабы. Антпесе, мындай нерселер күчөй берет…

ТУРЦИЯДА БУЗУЛГАН Кыргыздын кыздарын Айтып, Чырылдап Жатат. ВАНДЫК "Кыргыз" Биздин Атка минерлер, Намыска келгиче Укум,тукум улай Турчу Кыргыздын кыздарын кырып салмай болдуго ар улутка Тошок кылып!!!

Опубликовано Тилеком Таалайбековым Суббота, 14 апреля 2018 г.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here