Бишкектин Свердлов райондук соту мурда сот жоопкерчилигине тартылган 37 жаштагы Александра (ысымы өзгөртүлдү) аттуу аялга карата өкүм чыгарды. Өспүрүм кызды сойкулук менен алектенүүгө түрткөн деп айыпталган жоопкер 5 баланын энеси, деп айтылат соттун токтомунда.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү:
2015-жылдын сентябрь айынын башында аны менен иштешкен Сайкал аттуу кыз менен бирге Арча-Бешик конушунда жашаган. Андан Сайкал Беш-Күңгөй айылында мурда жашаган дос кызынын үйүнөн буюмдарын алып келүү үчүн бирге барууну суранган. Ал айылдан Сайкал Самара аттуу дос кызы менен тааныштырган болчу. Андан 2 күн өткөндөн кийин түн ичинде алар жашаган үйгө Самара келип, Сайкал анын түнөп кетүүсү үчүн уруксат алган.
Айыпталуучу ошол убакыттан тарта Самараны сойкулук менен алектенүүгө көндүрүп баштаган. Ал эркектерге көрсөткөн интим кызматты саатына 1 миң сом деп баалап, анын жарымын — 500 сомду кызга берип турган. Бирок айыпталуучу Самара өспүрүм экенин билбегенин айтып, оор жаза бербөөнү суранган.

Самаранын көрсөтмөсү
Колледжде окуп, туугандарынын Беш-Күңгөй айылындагы үйүндө жашап жүргөн. Анын Сайкал аттуу дос кызы 2015-жылдын сентябрь айынын башында Беш-Күңгөй айылына өзүн Александра деп тааныштырган 30-35 жаштар чамасындагы аял менен бирге барган. Сайкал ал аялды эжем деп тааныштырып, өзүнүн буюмдарын алып кеткен. Андан көп узабай Сайкал менен телефон аркылуу байланышып, туугандары Москва шаарына кетип жаткандыктан, жашай турган жери жок экенин айткан. Ал аркылуу Александра менен телефон менен байланышканда ал: «Чын эле бара турган жериң жокпу?» деп сураган. Андан кийин Александра аны үйүнө чакырып, алар менен бирге жашап баштаган болчу.
Андан бир нече күн өткөндөн кийин кечинде Александранын сунушу менен такси аркылуу Ибраимов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишине барышкан. Ал жерден Самара аялдаманын жанында жеңил ойлуу кыздар жүргөнүн көргөндө коркуп жатканын айтып, ал жерден кетүүнү суранган. Бирок Александра Самараны көчөдөгү кыздарга окшоп эркектерге акчага интим кызмат көрсөтө турганын айтып мажбурлап, андан баш тарткан учурда физикалык күч колдонуу менен анын үйүндө бекер жашап жатканын, анын акысын төлөөгө милдеттүү экенин жана укук коргоо органдарында көп тааныштары бар экенин айтып коркуткан. Мындан улам интим кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан Самара ал жерден кете алган эмес.
Самара сентябрь айында Александранын колунда иштеп, андан кийин качып кетүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Андан кийин Александрадан жашырынып жүргөн.
Өспүрүмдүн айтымында, ал интим кызмат көрсөткөнү үчүн саатына 1200 сом алып турган. Ал эми Александра ал 17 жашта экенин билчү.
————————————————
Тергөө иштеринин жыйынтыгы, күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде сот Александраны күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазаны аялдардын абагында өтөй турган болду. Бирок айыпталуучунун жаза өтөө мөөнөтү 8 жаштагы кичүү баласы 14 жашка толгондон тарта башталат.
Булаак: www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here