Ойнош… (тагдыр)

Данияр, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйөм. Билем, экөөбүз эч качан бир боло албашыбыз мүмкүн. Ошентсе да, мени аялдык бакытка бир күнү бөлөөрүнө ишенем жана андан үмүт үзбөйм. Дегеним, сенин үй-бүлө бар.

Ошол күнү көл жээгинде толкун кечип жүрдүм. Саат канча экенин билбейм, иши кылып күүгүм талаш убак болчу. А сен болсо, көл жээгинде ойго батып, жалгыз олтурган экенсиң. Айдан түшкөн ханзаададай эле болуп, тим эле сүйкүмдүүсүң. Көпкө чейин сенин жамалыңа суктанып, сенден көз албай телмире тиктеп турдум. Тим эле тиктеген сайын сугум артып, ого бетер тиктегим келгенин кантип түшүндүрүп берсем?!! А сен болсо, бул кылыгымды таптакыр байкабадың. Кыясы, ичиңде бир арман бардай. Буулугуп, ызага муунуп турганыңды байкадым. Мен сенден окчунураак отуруп, скрипкамды колума алып, махабат обонун созуп баштадым. А сен угуп, бирок артка кылчайып, мени карабай катыган сөлөкөттөй болуп, ордуңда отура бердиң. Мен музыкамды ойноп бүтүп, ордуман туруп кетээримде,

— Рахмат, өмүрүмдө мындай жагымдуу обонду уга элек элем, — дедиң.

— Сизге рахмат, — дедим.

— Кызык экенсиз… А эмнеге мага рахмат айтасыз?

Ойлонуп олтурганда кыялыңыздан курулган ак сепилди бузуп, тоскоол болдум окшойт. Антсе да, мени угуп отурганыңызга ыраазы болдум, — дегенимде сен жылмая күлдүң. Ошол жылмаюуң азыр да көз алдыма тасмадай болуп тартыла берет.

— Мындай жагымдуу обонду кантип кууп жиберем. Баса, атым Данияр, — деп колуңду сундуң.

— Бактыгүл…

— Абдан бактылуу айым экенсиз, — дегениңде, «Ооба, сизди көрүп бакытка балкып турам,» — деп ийе жаздап, унчукпай жылмайып кутулдум.

— Эс алганы келдиңизби?

— Ооба, курбуларым менен келгем.

Сен дагы көлгө эс алганы жалгыз келген экенсиң. Себебин деле сураган жокмун. Анткени кимдир бирөөлөрдүн ишине киришип, тешигине чейин сураганды жек көрөм.

Бир саамда эле экөөбүз бака-шака түшүп, түнкү клубга жөнөдүк. Ишенсең, ошондо биринчи ирет бардым. Сени менен бийге түшүп, көл-шал боло тердегенче далактап бийледик. Курбуларыма бүгүн келбей калышым мүмкүн экенин айтып кеткем. Анан сени менен сенин мейманканаңа жөнөдүк. Кирип келип эле, бири-бирибизге чаптала түштүк. Ошондо алгачкы ирет эркек аттуу менен өбүштүм. Бир заматта элжиретип, ээритип алдың. Анан төшөккө тарттың. Ошентип, таңыбыз бирге атты. Көлгө эс алууга үч күнгө келген элек. Курбуларымды узатып жиберип, сени менен калдым. Экөөбүз бир апта жүрдүк. Күнү-түнү каалаган убакытта махабаттын туу чокусуна чыгып, жыргалына батып жаттык.

Кийин борбор калаадан да жолугушуп жүрдүк. Экөөбүз бири-бирибизсиз жашай албай калдык. Ошентип, менин боюма бүтүп, сага сүйүнчүлөдүм. Сени кубанганыңдан ыйлап жиберет го деп күткөм. Бирок, жыйынтыгында андай болгон жок. Сенин аялың, эки кызың бар экенин ошондо гана айттың…

Шайтандыкы… Ай шор-дуу жаным ай… Ушунча жыл түз жүрүп, жеңил ойлуулукка тез эле алдырып койдумбу ээ? Кана менин ишенген, кана тиренген сүйүүм?.. Мунун баары жалгандан куралган бакыт беле?.. Жарым сааттай үн-сөзсүз нес болуп турдум да, терс бурула көзүмдүн жашын көлдөтүп басып жөнөдүм. А Даниярым болсо, турган ордунда кала берди. Аны ушунчалык жек көрүп да, сүйүп да бараттым. Ооба, эки оттун ортосунда калгандай эле болдум. Ошол учурда «Даниярым артыман жете кууп келип, кучагына батырса экен, «сүйөм» деп миң бир ирет айтса экен» деп тилеп да жаттым. Мен күткөндөй ал артыман келип, кыса кучактады бир саамда. Мен үнүмдү катуу чыгарып, өпкө өпкөмө батпай, боздоп ыйлап кирдим. А сен мени сооротууга далалат кылып жаттың. Дагы деле жаш баладай болуп, эреркеп токтобостон ыйлай бердим. Бир убакытта көзүмдүн жашы түгөнүп, жүзүмдү колумдагы бөтөлкөдөгү сууга чайкап, бир азда болсо сергий түштүм.

— Бактыгүл,кечир мени… Мен сенин ак сүйүүңө татыктуу эмесмин. Айтор, болуп өткөн окуяны түшүндүң окшойт. Боюңдагы баланы кеч болуп кала элегинде алдырып ташта! Экөөбүздүн ортобузда болуп өткөн окуяларды эсинден чыгар! Жакшы кал эркем… Мен сени чындап сүйөрүмдү унутпа, -деп басып кеттиң.

Билесиңби, мен экөөбүздүн балабызды боюман алдырган жокмун. Көз жараарыма саналуу гана күндөр калды… Данияр, мен сени эбак эле кечиргем. Сен да менин каталарым болсо кечир. Кайрылып кел, күтөм сени…

Бактыгүл, Бишкек шаары.

Булак: Шамбала

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *